Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Неберени сабап өлтүргөн чоң эненин иши сотко кетти

Неберени сабап өлтүргөн чоң эненин иши сотко кетти

03-декабрь, 22:55
826 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки жашар наристени сабап өлтүргөн өгөй чоң энеге айып тагылып, иликтөө иштери жыйынтыкталып,  иш сотко өттү.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы ооруканага эки жашар кыз башынан оор жаракат алып келген. Наристенин абалы оор болгондуктан жандандыруучу бөлүмгө жаткырылган. Бөбөктү караган чоң энеси анын тепкичтен кулап кетип, башынан жаракат алганын айткан. Бирок наристенин денесинде көгала тактар болгондуктан, анын буга чейин сабалганын комиссиялык экспертиза тастыктап, дароо укук коргоо органдарына кабарлаган. Наристенин сабалганы тастыкталып, ага шектүү чоң энеси суракка алына баштаган.

Ал эми наристенин өз энеси ушул жылдын январь айында Россияга иштегени кетип, кызын өгөй энесине калтырган.

Кыздын энеси анын оор абалында ооруканага жатканын угуп, дароо эле Россиядан учуп келген. Бирок, ал өгөй энесинин урганына ишенбей, сотко да айтууга даяр экенин айтып, арыз жазган эмес эле.

Наристе жандандыруучу бөлүмгө  жаткырылып, бирок өз энеси Россиядан келгенге чейин өгөй чоң энени балага жакын жолотушкан эмес.

Башынан катуу жаракат алган наристе жандандыруучу бөлүмдөн чарчап калган. 

Бөбөк чарчап калгандан кийин Жалал-Абад облустук милициясы аталган маалыматты тастыктап, наристенин апасы Альбина өгөй энесинин үстүнөн арыз жазганын айтышты. Кыздын өлүмүнө Альбинанын өгөй энеси шектелип, тергөө иштери аяктап, иш сотко жиберилди.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер