Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков: “Түркмөнстан менен Тажикстан пикир келишпестигин ачыктап койду”

Артур Медетбеков: “Түркмөнстан менен Тажикстан пикир келишпестигин ачыктап койду”

05-август, 23:39
677 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, жакында эле Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жолугушту. Чек ара маселеси, коопсуздугу жөнүндө сөз болду. Ушул боюнча сиздин оюңуз кандай?

-- Ооба, азыркы убакта глобалдык өзгөчө коркунучтар жеке эле Борбор Азияда эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө пайда боло баштады. Ошону түшүнгөн, билген, ошол боюнча маалыматы бар, бир кезде союздун курамындагы беш мамлекет Ысык-Көл жергесинде сырткы агрессиядан бирдиктүү түрдө коргонуу, сактануу маселесин талкуулашты. Ич ара дипломатиялык жол менен талаш-тартыштын акыры бир позицияга келүү үчүн негизинен тышкы агрессиялык, террордук, экстремисттик күчтөргө каршы болгон өзүнчө бир позицияларды бириктирүү максатында “Тынчтык форуму” өттү. Өзүбүзгө белгилүү, бүгүнкү күндө Борбор Азияда, коңшулаш турган Афганистанда “Талиб”, “Аль-каида”, ошондой эле ИГИЛ террордук уюмдар дагы деле үстөмдүк кылып, кандайдыр бир деңгээлде Кундуз провинциясынан биздин коңшулаш өлкөлөр Өзбекстан, Тажикстан, түштүк жагынан Түркмөнстанга потенциалдуу түрдө коркунуч жаратууда. Ошону менен бирге Каратегин өрөөнүнөн чыккан экинчи-үчүнчү муундагы террорист топтор дагы деле болсо Кыргызстан, Казакстанга көптөгөн коркунуч жаратып келген. Ошон үчүн Чолпон-Атада болуп өткөн “Тынчтык форумдун” мааниси өтө чоң. Бирок, келечекте 5 мамлекет бирдиктүү позицияда иштеп кете алабы – аны биргелешкен позициялары көргөзөт. Ага катар Түркмөнстан менен Тажикстан өз позицияларын “ички пикирлердин, сунуштардын негизинде билдиребиз” деди. Мындан улам, эки өлкө кандайдыр бир деңгээлде тышкы күчтөр боюнча бирдиктүү бир позицияда турбастыгын, пикир келишпестигин айгинелеп койгонсуду...  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер