Азенбек Козукеевге каршы арыз жазылып, сыйдан тайдыбы?


Адатта иштей албай калган жетекчи паникага алдырып, кол астындагыларды каарып калары шексиз. Буга мисал келтирели. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеев өздүк курамын урушуп, богооздонуп калганы кабарланууда. Эмесе, суроо салалы.
Чүй облусунун жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынын 3-взводунун командири Турат Акуновду начальниги Азенбек Козукеев жумуш убактысында ашата сөгүп, чыр чыктыбы? Тартылып алынган видео материал барбы? Арыз жазылса, бул боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы кандай жыйынтык чыгарат? Моралдык жактан жабыркаган Турат Акунов ишин жетиштүү деңгээлде билген кадр болсо, эмнеге басмырланууда? Этиканы карманбаган Азенбек Козукеевдин жоопкерчилиги мыйзамга жараша чечилеби?
Соңку убакта жума сайын үрөй учурган жол кырсыктары көбөйүп, кырчындай курактагы жаштар каза табууда. Жабыркагандар, майып болуп калгандар канча? Эрксизден зээниң кейийт да...
Анан калса, аталган системада кызматка дайындоо коррупцияланышып кеттиби? Бул таризде кызматкерлердин арасынан жашыруун сурамжылоо жүргүзүлсө, былыктары кашкаябы? ИИМдин ички иликтөө кызматы жакшылап киришпей атабы? Же Октябрь Урмамбетов “жең ичинен” басып койгон кербезиби? “Май кармаган бармагын жалайт” дечү эле...
Ток этерине келсек, Азенбек Козукеев орун басарлары, дээрлик жетекчилери менен пикир келише албаганы, сыйдан кеткени эмнеден кабар берет? Креслосунда араңдан-зорго кармалып отурганы айтылууда. Таңгаласың, милицияда өз ишин мыкты билген кадрлар бар. Качанкыга чейин аты улук кызматты Козукеев кор кылат? Баш чайкайсың да-а...










