Элге кел-кел келгенде, Паашасы калыс башкарат

Кыргызымдын тарыхы терең,
Келечеги кенен, жасаган иштери белен.
Кыргызымдын Ала-Тоосу – Мекен,
Кыргызымдын аты улуу экен.
Элимдин келечегине камынып, эчендер чыкты аттанып,
Эчен жыл элди башкарып, эмгеги менен даңкталып.
Таланттуу биздин залкарлар талабын элдин аткарып,
Тарыхта калды катталып, аттары бизде сакталып.
Жерге кел-кел келгенде,
Эгини бышат сегизден,
Малы төлдөйт эгизден.
Жылуу болот кышында,
Кыраан чилде тушунда.
Салкын болот жайында,
Так саратан айында.
Элге кел-кел келгенде,
Паашасы калыс башкарат,
Даңазасы таш жарат.
Кыйкырык калктан тыйылат,
Жүз жылдыкты майрамдап,
«Ынтымак Ордого» жыйылат.
О калайык калың журт,
Жүрөктөн чыккан сөзүмдү ук!
Кыргызымдын аты улук.
Бир коогалаң заманда,
Баатыр Манас туулуп,
Бириндеп кеткен кыргыздын,
Баштарын кошту чакырып.
Улууларын урматтап,
Бакайына барды баш уруп,
Кошоюна келди кол берип,
Жолотпой кыргыз элиме,
Жоолорун кууган качырып.
Айкөл Манас барында,
Элде болгон жакшылык.
Андан бери карасак,
Жүз жыл өттү санасак.
Кыргызды «кара» деп атасак,
Кыргызым болот бала сак,
Кыргызымдын ким экенин билебиз,
Жигиттерин муунга бөлүп атасак.
Ошондуктан мен улуу кыргыз элимдин жарандарын ичинен да, сыртынан да көрдүм, алардын көрүнүшүн сүрөттөп, сулуу кыздын тармал чачындай тизмектеп өрдүм, эр жигиттин ар бир жаш-курагына жараша мүнөздөп бөлдүм, кыйырын салып көздүн, каймагын калпып сөздүн, айталбасам келет өлгүм, буюрбайт мага ырыскысы төрдүн, ачпасам кыргызымдын көркүн. Мен бирден жүзгө чейин санадым, сандарымды кыргызымдын жигиттерине арнадым.
1-7 жашта – темир канаттайсың, кармасам сенин билегиңди, Кудайым берет сенин тилегиңди, сактап калгын билгениңди.
7-10 жашта – оюнга канбаган чунактайсың, Манас көзгө көрүнгөн курактайсың.
10-15 жашта – тоодо ойногон улактайсың, жанып турган чырактайсың.
15-20 жашта – оргуштаган булактайсың, артыңда калды тарых, алдыңда турат келечек, ортолукта айтып бүткүс жомок, кыргызыма бол жөлөк.
20-25 жашта – жан жыргаткан убактайсың, оң колуңда кылыч, сол колуңда кымыз болсун, тилиңде эпос, дилиңде Манас болсун.
25-30 жашта – баарын угуп жүргөн кулактайсың, ок өтпөстү мен кийдим, ок жетпести сен миндиң, оозуңда бар он атар, белиңде бар беш атар.
30-35 жашта – кындан суурулган кылычтайсың, душманыңа куу найза бол, учу толгон уу найза бол, тууганыңа туу найза бол, үйрөткөндөн үлгү алгын, төрөлөрдөн төлгө алган.
35-40 жашта – кычырап турган курактайсың, кырыңдан чыкса Абыке Көбөш, болбойт сага чын жолдош, алар менен чындап күрөш. Токтолбой жоого аттангын, андай топту башкаргын, илгертен бери кеги жүргөн, шарапка кошуп уу берген, ошондуктан Каныкейден кагуу жеген.
40-45 жашта – адыраңдап турган аркардайсың, тапталып турган тулпардайсың, учканы турган шумкардайсың.
45-50 жашта – элирип турган эликтейсин, маанисин сөздүн жиликтейсиң, жалган сөзгө киришпейсиң, жаман менен бирикпейсиң, бузулганды чиритпейсиң.
50-55 жашта – октолуп турган кабыландайсың, «мен кыйынмын» деп адыраңдайсың. Бышып турган бадыраңдайсың.
55-60 жашта – ноктолуп турган аттайсың, каалаган жерге батпайсың, туш келди жолго баспайсың, элиңдин үмүтүн актайсың.
60-65 жашта – кагылып калган казыктайсың, жаштар менен жарышпайсың, махабат сырын жазышпайсың, ден соолукка күчүңдү багыштайсың.
65-70 жашта – аркандалган аттайсың, алыска баралбай даттайсың, сайраңдаган сарттайсың, калпты такыр айтпайсың, арыкты араң аттайсың.
70-75 жашта – желенин жашы, жетиликтин ашы, жердин ташы, балээнин башы, карылыктын кашы.
75-80 жашта – сен сенек болдуң, сен кимге керек болдуң, сексти сен дедиң, секиртсе да сезбедиң, эркетайды эз дедиң, эрип кеттим тез дедиң.
80-85 жашта – анардай кызыл бет кетти, бүткөн бойдон эт кетти, ойлонуп кылган иш кетти, 32 тиш кетти, тагыңдан учуп куш кетти.
85-90 жашта – тоголонгон жаш экен, таз болуп калган баш экен, муундарың жакшы бүгүлбөй, катып калган таш экен.
90-95 жашта – күч-кубаттан узаксың, торго түшкөн тузаксың, укканга зар кулаксың, жүзүң өчкөн кураксың, досторуңдун көбүн о дүйнөгө узаттың.
95-100 жашта – мурдагыдай өмүр жок, жакындап келген өлүм шок, сени күтүп турат узак жол, түбөлүккө түрткөн курак ошол, жүзгө чыгып жүгүрүп кал, ак бейишке үлгүрүп кал!
Миталип Мамытов, академик, Кыргыз Эл Баатыры
"Азия Ньюс" гезити