Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Азыркы депутаттардын 20-25и кайра шайланып келишет”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Азыркы депутаттардын 20-25и кайра шайланып келишет”

26-сентябрь, 21:06
1 113 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, парламент тарайт-тарабайт деген маселеде сиз оптимисттик маанайда элеңиз. “Бизди жакшылап иштетүү үчүн ошондой сөздөрдү атайылап чыгарып коюшат” деп камырабадыңыз эле, бирок, тилекке каршы, кетериңер аныкталып калды окшойт...

-- Тактап коёюн, “мен канча жыл депутат болсом, дайыма бир жыл калганда ушундай сөздөр чыгат, “тарайт-тарабайт” деп коркутуп жүрчү” деп айткам. Бирок, биз азыр жаңы мыйзамдарды кабыл алдык. Себеби, отуз шайлоо округу чийилгенден кийин бир аз маселе да жаралып калды. Бирок, менде ошондо эле кооптонуу бар эле. “Август айында кетет окшойбуз” деп жазбадымбы. 

Болор иш болду го, менимче. Бүгүн чечим кабыл алынып, 23-ноябргабы же 30-ноябргабы шайлоо күнү белгиленет. Азыр залда отурган депутаттардын 20-25и кайра шайланып келет. Калганы эс алууга кетет. Бирок, шайлоого 80 пайыз катышышат.

-Саясый партиялардын эми шансы жок да э?

-Шанс бар. Мисалы, Марлен Маматалиев саясый партиядан көрсөтүлөт. Бул эмне үчүн керек? Себеби, кийин парламентке өтүп келгенде фракция түзүлөт. Фракция менен топтор мыйзамда бар. Саясый партиялар, мисалы, ошол эле Маматалиевдин партиясы жети-сегиз депутат менен келип, катуу иштешсе, мен ойлойм, кийинки шайлоодо алардын катары көбөйүп калат. Бирок, эми мурдагыдай күчкө айланган партиянын чыгышы кыйын го...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер