Марлен Маматалиев: “Ниязалиеванын аудиодогу сөздөрүнө эч кандай монтаж болгон эмес”
-- Марлен мырза, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Дамира Ниязалиевага байланышкан чыр-чатак боюнча эмне айта аласыз? Кайра шайлоо болушу мүмкүнбү?
-- Мен добуш берүү учурундагы мыйзам бузууларга баа бере албайм, бааны укук коргоо органдары берүүгө тийиш. Бирок, социалдык тармактарда тарап жаткан фактылар албетте, өкүндүрөт. Арасында жаш балдар жүргөнү ого бетер кейиштүү. Эми кандай кылуу керек? Мунун эки жолу бар: биринчиси – мыйзам боюнча добуштардын 30 пайызы жокко чыгарылчу болсо, кайра шайлоо болушу керек. Экинчи жолу – мыйзам бузган талапкердин чыр чыккан участоктор боюнча гана берилген добуштары жокко чыгарылса, экинчи орундагы талапкерге мандат берилүүгө тийиш. Өзүңүздөргө маалым, шайлоого 18 миллион сом каражат короду. Андан тышкары, өзүнүн взносун бергендер бар, аларды кайра кайтарыш керек. Анан калса, мына жай келди, эс алуу сезону башталгандыгына байланыштуу эл шайлоого аз келип калышы мүмкүн.
-- Азыр технология аябай өнүккөн заман. Жанагы окуя эң көп добуш алган талапкерди оюндан чыгарыш үчүн атайын уюштурулган нерсе болушу мүмкүнбү?
-- Туура, азыр технология өнүккөн. Бирок, кимдир бирөө атайылап уюштурса, аны чын-төгүнүн аныктай турган да технология бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ниязалиеванын аудиодогу сөздөрүнө эч кандай монтаж болгон эмес. Албетте, азырынча кимдир бирөөнү “күнөөлүү”, же “күнөөсүз” деп айткан туура эмес. Ошон үчүн күч органдарынын тыянагын күтүш керек деп ойлойм.