Акыркы кабарлар
21:31
» Коом » Ренат Самудинов, жарандык активист: “Кыргыздын сыймыгын, үмүтүн жүрөгүнөн жулуп алышты”
Ренат Самудинов, жарандык активист: “Кыргыздын сыймыгын, үмүтүн жүрөгүнөн жулуп алышты”
25-декабрь, 19:30


-- Туунун алмашылышы айрымдар үчүн катуу таасир калтырууда. Сен кандай кабыл алдың?
-- Мен каршымын. Бул бийлик кыргыздын сыймыгын, үмүтүн жүрөгүнөн жулуп алышты. Алардын келтирген аргументи эч кандай суу кечпейт. Бул өзгөртүү бийликтин элге болгон мамилесин көрсөттү. Бийлик эл менен эсептешпей турганын ачыктады. Сонун, кооз, маанилүү желегибизди маанисиз, түрү шумдук желекке алмаштырып, элди шылдыңдагандай мамиле кылышты. Желек жөн эле жездесине жакпай калган үчүн өзгөрбөш керек. Желек идеологияга байланыштуу өзгөрөт. Элдин жүрөгүнө терең орногон эски желегибиз кайрылып келери – бул факт. Сөзсүз кайрып келишибиз керек. Эми эл бийликке ишенбей калды...
"Азия Ньюс" гезити











