Бир үзүм тагдыр

(Аңгеме)
Келин жерден башын алганда, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Экөө тең “селт” этип, келин ордунан тура калды.
-- Сенсиңби, Гүлай? - деди жигит.
Келин аны бир оокумга дейре үн-сөзсүз тиктеп тура берди. Анан барып гана пас унчукту:
-- Сен белең, Эсен?.. Көрүшкөнүбүз ушул экен го…
Эсен Гүлай менен өткөн жылы, жаңы жылдын түнүндө таанышкан. Анда Эсен жакын агаларыныкында туруп, курулушта иштечү. Иштеген жеринен жаңы жыл майрамынын урматына тост көтөрүшүп, тиги-бу болуп, анан аренда автобусу менен жашаган жерине кайтып келе жаткан. Жетерине дагы төрт-беш аялдамадай калганда, өзүнөн алдараакта отурган бир татынакай келинчекти байкай койду. Келин Эсенди карап, эмнегедир күлүп койду. Эсендин жүрөгү “тыз” дей түштү, келин өтө татынакай эле…
Аңгыча акыркы аялдамага да келип калышты. Алдыңкы эшиги шарт ачылып, ичиндегилер бирден чубап түшүп жатышты. Элдин баары дүбүрөп сыртка чыгып болгондо, Эсен жанагы келинчекти издеди. Караса, жанында. «Кызык, бу татынакай келинчек кайда барат болду экен?..».
Экөөнүн жолу бир болуп чыкты. Кейпи, майрамга деп ардеме-бирдемелерди алып келе жатса керек, эки колунда тең көтөргөн оор баштыктары бар. «Мүмкүн болсо, баштыгыңыздын бирин бери бериңизчи, жардамдашайын» деди эле, келин каршы болгон жок.
Жолду ката таанышып да алышты: аты Гүлай, кичинекей кызы экөө мындан үч аялдама ылдый бир орус кемпирдикинде ижарада турушат. Ылдыйкы аялдамага барып, андан ары кетчү автобусту күтмөкчү.
Автобус токтоочу жерге да келип калышты. Эрксизден жигиттин көздөрү өзүнө кызыга караган моймолжуган көздөргө тигилди. Бир оокумга дейре жөн гана бири-бирин тиктеп тура беришти… Оо көптө барып гана Эсен үн катты:
-- Жаңы жылды кандай тосоюн деп жатасыз?
-- Эми алынча болот да. Конокко чакырышты эле, кызым ыйладыбы (?) деп санаам тынчыбай жүрө бердим.
-- Мен… сиз менен жаңы таанышып жатсам да, негедир сизди мурда эле, далай жолу көргөнсүйм.
-- Мүмкүн…
Эсен эми жылдыздары чачырап турган туптунук асманды карады. Мында ал качандыр катуу сүйүп, бирок жетпей калган курбулаш кызын эстеди…
-- Болуптур эми, мен кетейин. Келе жаткан жаңы жыл майрамын жакшы тосуңуз, - деди Эсен. Анан маанайы пас сөзүн улады. -- Балким, мындан кийин көрүшпөй каларбыз. Кандай өкүнүчтүү!..
-- Ким билет?.. Жакшы барыңыз.
Татынакай келинчекти анда калтырып, Эсен нары, өзүнүн жашаган жерине келсе, эшиги бек. Кейпи, үй ээлери жаңы жылды тоскону бир жакка конокко кетишсе керек. Анын келерин унутуп калышканбы же келбейт деп ойлошконбу, жадесе ачкычты да калтырып кетишпептир. Алардын качан келерин ким айта алат?.. Ары кетип, бери кетип, такыр айласы кетип турганда, Гүлай эсине түштү. “Балким, автобус жок кете электир” деди өзүн ишендирип. “Кой, чын эле кайра барыш керек…”.
Ашыгып чуркаган бойдон жанагы жерге барса, чын эле автобус келе элек экен. Адеп эле оозуна алганы:
-- Сиз дагы эле кете элексизби? - деген сөз болду.
-- Ооба, автобус жок… Жакын болсо жөө деле кете берет элем, алыс, анүстүнө баштыктарым оор.
-- Эмесе мындай: барсам, үй бек экен. Сыягы, дагы бир жакка кетип калышкан го. Аларды качан келет деп отурсаң, мындай суукта тоңуп өлө тургансың. Кандай дейсиз, келе жаткан жаңы жылды…
Кайра кайтып келген Эсенди көргөндө алгач Гүлай чочуп кетсе да, иштин чоо-жайын уккандан кийин кубана түшкөнсүдү.
-- Мейли… кайра жакшы, көңүлдүүрөк болот.
-- Уксаңыз, автобус келбейт эми, баары үйлөрүндө жаңы жылды тосуп жатышат. Үч эмес, беш аялдама болсо да жөө кетели…
Баштыгынын оорун Эсен өзү алды. Бири экинчисин жакындан билишпесе да, аялзатынын мээримдүү жүрөгү менен ишендиби же жөн эле кабардар кылайын дедиби, жолду ката Гүлай өз турмушунан кеп козгоп берди: кайсы жактан болорун, онунчу классты качан бүткөнүн, күйөөсү менен кантип таанышып, качан турмушка чыкканын, анан эмне болуп ажырашып кетишкенин…
Жашаган үйүнө да келишти. Үйдүн ээси эшикти ачып, ичкери киришти. Гүлай өзү оокатка тың көрүнөт: арыдан-бери картошка кууруп, чай кайнатып, ал ортодо үй шыпырып, мешти чукулап отту күчтөндүрүп, сырттан чакага көмүр алып келе койду. Жанагы баштыктагылары ырас эле майрамга деп алган ар түркүн таттуусу, иштеген жеринен ала келген майрамдык пирогу, бир бөтөлкө шампаны, лимонад ж.б. болуп чыкты. Колдо болгондун баарын стол үстүнө жайнатып коюшуп, жупунураак болсо да Эсен, Гүлай, орус кемпир үчөө жаңы жылды тосушту.
Бул түнү Гүлай экөө көпкө дейре уктабай сүйлөшүп отурушту. Гүлай шайдоот келин болуп чыкты. Айрыкча көздөрүчү! Тим эле учкун чачып, каректеринен от жанып тургансыйт. Далысына коё берген коюу капкара чачы жаш баланыкындай болпоюп турган саал кызылдуу жүзүнө кадимкидей жарашып, аны укмуштуудай сулуу көргөзөт. Балким, кыз кезинде азыркысынан да чырайлуу болсо керек, анткени, ал кайсы бир күлкүлүү сөзгө чын дилинен кытылдап кубанганда, өткөн күндөрдүн запкысы салган муңайым шамал айдагандай бир паста жок болуп, мына-мына келечекке кадам таштаганы турган жапжаш селкиге айлана түшкөнсүйт…
-- Айтсаң, мен баласы бар аялга окшобоймбу?
-- Секелек кыздай болуп турсаң, кайдан окшомок элең?..
Убакыт да абдан кеч болуп калгансыды. Гүлайдын кичинекей кызы быдылдап сүйлөп отурду эле, ал дагы отурган жеринде уктап калды. Кызын жаткызып келип саатты караса, небак эле түнкү экиден өтүп кетиптир.
-- Жатасыңбы? - Гүлай акырын унчукту.
-- Таң… эмнегедир уйкум келбегенсийт.
-- Анда сен отура бер, мен уктайм.
-- Мен дагы…
Келин күлүп жиберди. Ыкчам кыймылдап, ички үйдүн ооз жагындагы керебетке өзү менен кызына, төр жактагы керебетке Эсен үчүн төшөк салды. Жаш келин ал чечинип бүткөнчө күтүп турду да, анан жарыкты өчүрдү… Ооба, ал түн күнү бүгүнкүдөй Эсендин эсинде турат. Эмне кылмакчы?.. Терезеден түшкөн жарыктан анын чечинип жатканы көрүнүп турду. Мына ал көйнөгүн орундуктун жөлөнгүчүнө илип, терезени көздөй басты. Тээ бийикте бүлбүлдөп араң көрүнгөн жылдыздарга, алардын так ортосунда каш кага күлүмсүрөгөн сулуу айга тигилип бир аз турду да, анан бери кайрылды. Эми анын бүткүл турпаты даана көрүндү. Жылаңач ийиндери, күзгү бышкан апорттой чыңалган кош алмасы, жакын барсаң колдоруң өзүнөн-өзү ороло түшчүдөй ичке бели, түптүз буттары терезе аркылуу кирген айдын жарыгына чагылышып турду…
Уктап кетиптир… Бир убакта көзүн ачса, бөлмөгө небак эле жарык кирип, күн жогору көтөрүлүп калыптыр. Жаңы турганбы, Гүлай күзгүнүн алдында чачын тарап жатыптыр. Анын ойгонгонун көрүп:
-- Уйкуң кандыбы? - деп сурады.
-- Жакшы эле. Өзүңчү?
-- Меники да. Кокус кана элек болсо дагы кичине жата тур. Бүгүн майрам эмеспи, эч кайда шашылыштын кереги жок.
-- Жо-ок, рахмат. Ансыз да майрамды уктап өткөздүм го деп коркуп турам. Гүлай, сен мага капа болгон жоксуңбу?
-- Эч нерсе эмес, эмнеге капа болмок элем. Уйкучу экенсиң...
Чай ичип болгон соң Эсен Гүлайды майрамдап, шаар аралап келүүгө чакырды. “Мейли эми, майрам эмеспи” деп Гүлай да ага каршы чыкпады. Эсендин сунушу боюнча алар «Ысык-Көл» кинотеатрына барууну чечишти.
«Ысык-Көлгө» келишсе, анда чындап эле жакшы фильмдер жүрүп жатыптыр. Билетти кечкиге алышты.
Ошол боюнча алар бир топ күнгө чейин бири-бирин көрө алышкан жок. Ошондой күндөрдүн биринде эртең менен Эсен өз смени менен жумушуна барса, аны прораб чакыртып жибериптир. Урушканы деле чакырбаса керек, ал Эсенди ачык маанайда, ордунан туруп каршы алды. Анан жанындагы бош турган орундукка отургузду да, столдун үстүндө жаткан пачкадагы сигареттен бирди алып тутандырды. Прораб түк шашпады. Алгач ал Эсендин ата-энесинин ден соолугун, жашоо шартын, иштеринин абалын сурады. Анан барып гана негизги маселеге өттү: «Эмесе мындай, досум. Сени биздин коллективдин атынан командировкага барчу куруучулар бригадасына башчы кылып жибергени жатабыз. Эки ай мөөнөт менен барып келесиңер. Өзүң активистсиң, жумуштагы демилгелериң да жок эмес. Кандай дейсиң, макулсуңбу?» Прораб өзү сурап жаткандан кийин эмне демек эле, жөнөмөк болду. Командировкага антип кетип калса, Гүлай менен дагы көпкө дейре жолуга албай кала турган, андыктан «кой, эмнеси болсо да барып, бир кабарын билейин» деп чечти.
Жумуштан чыгып, түз Гүлайдын иштеген жерине барды. Көп деле күттүргөн жок, чакырткандан эки-үч мүнөт өтүп-өтпөй ал ичкериден көрүндү. Эсенди көргөндө Гүлай абдан кубанып кетти. Саламдашышты, бири-биринин ал-жайын сурашты. Келин наздана күлүп, ички өз кубанычын жигитке билдире албай жатты. “Мен сени келбейт го деген элем… Келгениң жакшы болбодубу. Баягүнү майрамды эң сонун өткөрдүк, ыраспы?..” деди. “Ооба, чынында эле ал күндү жакшы өткөрдүк” деди Эсен анын көңүлүн улай. Гүлай дале өз кубанычын билдире албай жатты…
Ал экөө ызы-чуудан окчун, берки ак кайыңдардын түбүндө турушкан эле. Жаңыдан гана күн өзүнүн түнөгүнө жашырынып, чөлкөмүн кыштын узак түнү кучагына алып баштаган. Эмнегедир кийинки эки-үч күндөн бери суук деле жок. Көчөлөрдө, тротуарларда небактан кар токтобой, өсүмдүктөр, жан-жаныбарлар кичинеден жанданып келе жатышкансыйт. Кандайдыр убагынан мурда чилденин мизи кайтып, артка чегингендей. Дарактардын томсоргон бутактарынан көз жашындай болгон киргил тамчылар “тып-тып” этип төмөн куланат... Ортодогу тынчтыкты биринчи болуп келин бузду:
-- Сүйлөсөң, неге унчукпай калдың?
-- Жөн эле. Тияктагыларың «мынча эмне жоголду» деп урушпайбы?
-- Жок, урушпайт деле. Сүйлөсөң, мага баары кызык.
-- Эмнени сүйлөйүн?.. Баса, кызың кандай жүрөт? Өгүнү суукка урунтуп алган жоксуңбу?
-- Жок, жакшы эле. Кечээ аны айылга берип жибердим, үйдөгүлөр жаман жээнин сагынып калышса керек.
-- Гүлай, экөөбүз бир аз убакка дейре жолуга албайт окшойбуз.
-- Эмнеге?
-- Мени командировкага жиберип жатышат. Эми шаарда командировкам бүткүчөктү боло албайм го.
-- Анда кат жазып турчу, макулбу?
-- Убакыт болобу же жокпу? Чынын айтсам, сөзсүз жазам деп убада бере албайм. Анүстүнө кат жазууга да көп деле шыгым жок.
-- Эми жарты барак болсо да жазып турсаң?.. - деди келин ага жалооруй карап.
Эсен командировкада эки ай жүрүп кайтты. Келери менен Гүлайды издеп баягы кемпирдикине барды. Кемпир сыртта жүрүптүр. Учурашкан соң:
-- Гуля каякта, жумушундабы? - деп сурады.
Кемпир анын жүзүнө бир топко дейре үңүлө карап, алда нени бүшүркөгөндөй болдубу, үнүн саал көтөрө унчукту:
-- Мен сени тааный албай жатам, балам! Кимсиң сен, алгач жайыңды айтчы?!
-- Апа, мен мында жаңы жылдын алдында келгем. Ошол күнү майрамды бирге тосуп, анан Гуля экөөбүз сизге түндүн бир оокумуна чейин уйку бербей койгонбуз. Жарыкты өчүрбөй көпкө сүйлөшүп отурганыбыз эсиңиздеби?
-- Ооба, ооба… эми эстедим. Жанагы аталаш тууганы болот белең?
-- Таптыңыз, ошол бала менмин. Командировкада жүрүп калып, бүгүн гана Гулянын абалын билейин деп кайрылып отурам.
-- Эмесе аны бекер эле издеп келипсиң, ал азыр бул жерде жашабайт.
-- Ка-ап, азыр каякта жашарын билбейсизби?
-- Билбейм айланайын…
Эсен ошол бойдон Гүлайга жолуга албады. Алгач анын тагдырын билүүгө кызыкса да, кийинки учурда такыр эсинен чыгып кеткен. Андан бери бир жыл өттү. Мына эми минтип күтпөгөн жерден жолугуп отурушат…
-- Гүлай, кызың чоңоюп калдыбы?
Гүлай баш ийкеди:
-- Кызым айылда… - анан эмнегедир шолоктоп ыйлап жиберди…
Эсен аны көпкө сооротту. Келин өзү тилге келди:
-- Эх Эсен, ошондо сен мага карабай кетип калгандан кийин үйгө барып көпкө ыйладым. Теңсинбей койгонуңа абдан ыза болдум. Мен сени жакшы көрүп калган элем. Күндүзү да, түнү да ойлогонум сен гана болучусуң. Менин ошондогу абалымды түшүнө албадың. Жадагалса сен үчүн кандай жеңилдиктерге барып жатканымды да биле алганың жок. Жыйынтыгында жөн гана сыпайыгерчиликке кечирим сурамыш этип, менден оолагырак кетүүгө шашылдың. Ошентип кетип калдың. Бүк түшүп ыйлап жатып, канчалык сени күнөөлөйүн, тилдейин десем да, тилим күрмөөгө келбей койду. Экөөбүз таанышкан биринчи күнү сен мага «оңой олжо» катары караган болсоң да, «мейли» деп өзүмдү сага арнап койбогонума өкүнөм… Эгерде мен сени ошондо өзүмө кабыл алган болсом, мунумду чоң күнөө катары эсептебес элем. Мени эгер ошол мүнөттө жалпы эле аялзатына мүнөздүү кыялым, ички бир сезимим токтотуп калбаганда, чын дилим, бүткүл тазалыгым менен мен сага бериле алат болчумун. Сен эмнеге башкалардай болбодуң?!.. Ошондо эле ой-боюма койбой кучагыңа алсаң, мен титиреп ыгыңа көнүп берет элем го… Антпедиң… Сен өзүңдүн ушундай тартынчаак сыпаалыгың менен мени басынттың, ыза кылдың, үмүтсүздүккө чейин алып бардың. Кейпи, мендей бейбактын өмүрүндө бир гана жолу келген бактысынан ажыратып жатканыңды түшүнбөсөң керек. Балким, сенин жүрөгүңдү мен тааныбаган сулуу, жаш кыз ээлеп алгандыр?.. Эгер чын эле ошондой болсо, мен аны менен теңтайлашмакчы элем, мен андан жакшымын дегим келбейт. Ошентсе да мендей бечараны аяп, жөн гана көңүл улап койсоң, мен ошого эле ыраазы болуп калмакмын… Мен арга түгөнүп, баардык күчүмдү көз жашымдан чыгардым, өзүмдү тебеленип жолдо калгандай сездим. Баягы кемпирдикинен кетип, ар кайсы курбу кыздарымдыкында жашап жүрдүм. Ресторанда болсо небак эле иштебей калгам. Андан кийин эки-үч жерге ишке орноштум, бирок бир да жумушка туруктуу иштей албадым. Азыр бошмун.
Гүлай өзүнүн буга чейинки тарткан азаптарын, арманын айтып бүткөндөй, оор үшкүрүнө унчукпай калды.
-- Гүлай, мен сенин алдыңда аябай күнөөлүүмүн.
-- Эсен, сен эмнеге күнөөлүү болмок элең? Чынын айтсам, мен үчүн эми жашоонун да кызыгы жок болуп калды…
-- Антпечи, Гүлай! Сен жашсың да али…
-- Эсен, кереги жок.
-- Эх Гүлай, сен неге өзүңө өзүң душман болосуң? Жүрчү, басалы…
Келин унчукпады. Тобурчактап көзүнүн жашы дале токтобой жатты…
-- Жүрү, Гүлай, - деди Эсен анын жеңинен тартып.
Келин дале унчукпады.
Эми Эсен аны кучактап алды да, жаш толгон муңайым көздөрүнөн, муздак эриндеринен өптү. Бул жолу келин каршылык кылбады…
Алар көп өтпөй ээн калган көчө менен ээрчишип жөнөштү. Ошол кечте Эсен менен Гүлай жаздын илеби келип калганын алгач ирет туюшту.
Болот Оторбаев
1982-жыл, март айы