Акыркы кабарлар
» Коом » Мандарин кайсы ооруларга даба болот?
Мандарин кайсы ооруларга даба болот?
27-декабрь, 12:13

Мандарин көп ооруга даба, аны менен тамак сиңирүү органдарын, боордун циррозун дарылоого болот. Ал булчуңдарды эс алдырып, алардын түйүлгөнүн басат. Холестринди төмөндөтүп, жүрөктүн калыптуу иштешин жөнгө салат. Эпилепция, уйкусуздук жана калтыратманы дарылоого көмөк берет. Нервди тынчтандырып, депрессиянын, нервоздун алдын алып, уйкунун жакшы болушуна жол ачат.
Мандаринде көп каротиноид болгондуктан көздүн көрүүсүн жакшыртат. Диарея, метеоризм жана ичтин катуусунун да алдын алат. Ашыкча салмактан арылтып, метоболизмди ылдамдатып, клеткалардагы майдын эришине көмөкчү болот. Ал ашыкча салмактан гана арылтпай, атеросклероздун өнүгүшүн дагы алдын алат.