Садыр Нургожоевич баса белгилегендей, Өзбекстан жарым кылымдай алдыга озуп кетиптир


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун коңшулаш Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен барганын, анда бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлганын, Кыргызстандын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөрүлгөнүн, бөтөнчө дүйнөлүк мааниге ээ, архитектурасы кайталангыс Хива шаарын кыдырышканын көрүп, чексиз кубанычка баттым. Көрсө, көз карандысыз мамлекеттердин биринчи жетекчилеринин достугуна, ишкердигине жараша мамилелерибиз өркүндөй берет тура. Өзбек агайындардан үйрөнө турган тажрыйбалар абдан көп. Алар да бизден коррупцияга каршы күрөшүүнүн, артыкбаш чыгымдарды кыскартып, административдик реформа жүргүзүүнүн жемиштерин эч бир тартынбастан үйрөнүп жатышпайбы. Эки кошуна өлкөдөгү жаңы бийликтин келиши менен бир топ жагымдуу алга илгерилөөлөр орун алып жатканын танууга болбойт. Ичкен суусу, мал жайган жайлоосу, базары да, мазары да бир, кыз берип, кыз алышкан түркий элдер бүгүнкү үчүнчү миң жылдыктын башталышында ынтымак-ырашкерликте өнүгүп-өсүшүнөн башка ишенимдүү жол жок.
Азыркы Өзбекстандын аймагы негизинен кумдуу чөлдөр, какыраган адырлар, суусу таңкыс талаалар болгону менен ал кыштактарда миңдеген жер жүзүнө таанымал аалымдар, акын-жазуучулар, аскер башчылар, куруучулар, кол өнөрчүлөр өсүп чыгышкан. Алардын колунан планетабызды таңкалтырган Самарканд менен Бухара, Хива менен Үргөнч, Шахрисабз менен Ташкент, Кокон менен Маргаландай тарыхый эстеликтерге бай, соода-сатыгы менен экономикасы өнүккөн шаарлар жаралбадыбы. Өзбек музыкасы, бий өнөрү, поэзиясы, сүрөтчүлүк өнөрү менен бул өлкөнүн калкы толугу менен башын бийик көтөрө сыймыктана алышат. Бүгүнкү Өзбекстандын ар бир кадам жери ыйык, унутулгус. Не деген тарыхый окуяларды баштан кечирип, жаңы мамлекетин сактап гана калышпастан дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулууга умтулууда. Ал эми тарыхка кайрыла турган болсок, Х кылымда жашаган Абу Рейхан Беруни бабабыз жердин радиусун аныктаса, XIV кылымда жашаган Мырза Улукбек ааламга белгилүү обсерваторияны негиздеп, жылдыздардын каталогун түзгөн. Берунинин замандашы Абу Али ибн Сина жазып калтырган “Дарылап айыктыруунун китеби”, “Медицинанын канондору” эмгектери ондогон жылдар бою Европанын университеттеринде окутулуп, дүйнөлүк илимде өзгөчө баага арзыган. Хорезмде 1004-жылы Мамун академиясы түзүлгөн экен. Анда археология, тарых, философия, адабият, маданият маселелерине бөтөнчө маани берилип, изилдөөлөр жүргүзүлгөнү ташка тамга баскандай бадырая жазылып калган. Азыркы учурда Хива шаарында Өзбекстандын илимдер академиясынын аймактык бөлүмү бабалардын ишин ийгиликтүү улантып жаткан кези.
Деги эле байыркы Өзбекстандын тарыхына кайрыла турган болсок, бул өлкө планетабыздагы баардык эле мамлекеттер менен достук алакаларды чыңдап келиптир. Жаратылыш шарты катаал бул республикада кен байлыктары да абдан көп экен. Алтын кенин казып өндүрүү боюнча Өзбекстан шериктеш өлкөлөрдүн ичинде экинчи орунда турат. Ал эми ар бир жанга эсептегенде биринчи орунда экен. Мындан жарым кылым илгери эле Мурунтоо тараптан алтын кени ачылып, Зарафшан шаары курулган. Азыр алтын Ташкент, Наманган, Жыззах облустарында өндүрүлүүдө. Бул кошунабыз өзүн өзү мунай жана жаратылыш газы менен камсыздай алган мамлекеттердин катарына кирет. Эгерде республикада 1980-жылы бир миллион тонна мунай өндүрүлсө, бул көрсөткүч 1995-жылы 7,6 миллион тоннага жеткен. Андан бери дагы жогорулап жатыры.
Орто Азиядагы биринчи метрополитен 1977-жылы Ташкентте курулган болчу. Андан бери дагы өркүндөп Чиланзар, Өзбекстан, Юнусабад, Өзбекстандын 30 жылдыгы каттамдарынын жалпы узундугу 70 чакырымдан ашат. Жалпы 50 станциянын 31и жер астында. Станциялардын жасалгаланышы, курулуш материалдары, техникалары киши суктана турган десек жаңылышпайбыз. Жыл сайын метро аркылуу 260 миллиондон ашык жүргүнчүлөр ташылууда. Үстүбүздөгү жылы гана Туран, Кыпчак деген жаңы станциялар пайдаланууга берилди. Туруктуу калкынын саны үч миллиондон ашкан, ал эми конокторун кошкондо беш миллионго жетип барган гөзөл Ташкенттин метросу улуттук чыгыш архитектурасынын үлгүсүндө мыкты жасалгаланышы менен кишини өзүнө тартып турат.
Садыр Нургожоевич баса белгилегендей, Өзбекстан бизден жарым кылымдай алдыга озуп кетиптир. Муну моюнга алып, аларга жетүүгө умтулушубуз керек. Автомобиль куруу боюнча кошуналарыбыз СССРдин убагында эле алдыга озуп кеткен болчу. Ташкенттеги Чкалов заводунан самолеттер чыкчу. Пахта жыйноочу комбайндар, үч дөңгөлөктүү тракторлор миллиондогон тонна пахтаны мамлекетке сатып өткөрүүдө адамдын кол эмгегин жеңилдеткенин кантип унутабыз? Бүгүн болсо Самарканд, Асаке, Хорезмдеги автомобиль заводдору жыл сайын 250 миңден ашык чет элдик атаандаштыкка жарамдуу заманбап унааларды чыгарып, ички керектөөнү толугу менен камсыздоодо. Ташкентти, Жыззахты, Фергананы аралап жүрүп, биздекидей түтүнү буркураган эски машиналарды, жыртылган жолдорду таптакыр көргөнүм жок. Албетте, жаңы бийлик биздин шаарлардагы жолдорду оңдоого көп күч аракетин жумшап жатат. Буюрса, биз да пияладагы суубуз төгүлбөгөн тептегиз жолдордо жүрүп каларбыз.
Кыргыз-өзбек мамилелери илгертеден эле достук жолунда өнүгүп келе жатат. Бөтөнчө Кокон хандыгынын тушунда Алымбек датка, Курманжан датка, Нүсүп бий, Молдо Нияз баштаган аскер башчылар, шайыр-апыздар көчмөн калкыбыздын келечегин ойлошуп, отурукташкан бул эл менен мамилени чыңдап келишсе, совет бийлигинин орношу менен Абдыкадыр Орозбеков менен Юлдаш Ахунбабаевдин, Исхак Раззаков менен Усман Юсуповдун достугундай асыл сапаттар бардыгына эле буюра бербесе керек. Кезегинде партиянын Ташкент облустук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген абабыз Азиз Токтобаев союз учурунда алгачкылардан болуп Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наамды алганы менен биз урпактары сыймыктана алабыз. Мындай эки мамлекетте аралаша иштешкен окумуштуулар, акын-жазуучулар, жетекчилер аябай эле көп. Аларды унутууга акыбыз жок деп ойлойм.
Москва районунда шериктик “Тулпар” автомобиль заводунун ачылышы жаңы бийликтин тушундагы орчундуу окуя болуп калды. Өзү ишкер, тыйындын артынан кууп таба билген, мыкты имараттарды курган, тили ширин өзбек кошуналардын көп ийгиликтерин тартынбастан үйрөнө турган мезгил келди. Дүйнөнүн кайсы мамлекетин карабаңыз, өзбек ишкерлери барбаган жер жок. Биз да алардан өрнөк алып, достук алакада көз карандысыз мамлекетибизди акырындап өнүктүрө берсек жаманбы? Акыры элибизде “алыскы туугандан, жакынкы кошуна” деген накыл кеп бар го... Тили, дили бир, тагдырлаш бул кошуналар менен достук мамилебизди чыңдай берели.
"Азия Ньюс" гезити











