Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Текебаев акталса да, соттолсо да баш оору жаратат

Өмүрбек Текебаев акталса да, соттолсо да баш оору жаратат

13-июнь, 11:03
671 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көпчүлүккө жагабы-жакпайбы, айтор, Өмүрбек Текебаев чоң саясатта дайыма баштоочу катары жаңылыктарды жасап, кескин бурулуштарга барганга тобокелдик кылып келет. Баарыбыз күбө болгондой, жакында “Ата Мекен” партиясынын катарын жаңылап, Темир Сариев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Элдар Абакиров, Тилек Токтогазиев, Азамат Темиркулов сыяктуу лидерлердин башын кошо алды. Башка партиялар башчысын аныктай албай аткан шартта ал катарында кимдер болорун көрсөтүп койду. “Ата Мекенге” элдин назары бурулууда, ошого катар карама-каршы күчтөрдөн да соккулар болууда. Эң башкысы, келаткан парламенттик шайлоого карай Өмүрбек Чиркешовичтин “Чубактын кунундай” созулган сот процесси кандай жыйынтыкталат? Акталса, анда бийлик упай алат, эгерде соттолуп калса, бетке чиркөө иш катары кабылданып, бирок, “Ата Мекендин” рейтинги өсүп, добуш алууда кайсы бир деңгээлде жогорку көрсөткүчтөрдү жасай алышары ырас. Реалдуу турмушта Өмүрбек Текебаев кайрадан түрмөгө барып отурбайт, күчкө салып соттолуучу кылып коюшса, оппозициялык толкун күчөйт, акталса ого бетер каршылык көрсөтүүгө жол ачылат. Ошентип, бул иш бийлик башындагы чийеленген азаптай көрүнүүдө, “оңго барсаң атың, солго барсаң өзүң өлөсүң” дегендей...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер