Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камырдан суурулган кылдай ийкемдүү Тайырбек Сарпашев

Камырдан суурулган кылдай ийкемдүү Тайырбек Сарпашев

14-октябрь, 20:26
634 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырас, бир чындыкты айтып коюу керек. Тээ эгемендик алган жылдардан тарта аткаминер, депутат дегендердин кылы кыйшайбай, кылмыш кылса да жоопкерчилик тууралуу түшүнүктөрү жок эмес беле? Анткен менен акыркы учурларда мыйзамдын үстөмдүгү күч алып, бир топ үлкөндөрдүн үстүнөн кылмыш иштери козголуп, айрымдары абакка айдалып, кай бири айып пул төлөп, айтор, «Кыргыз Республикасынын мыйзамы сенин ким экениңе карабайт» деген позициясы турукташып келет. Буга экс-премьер-министрлер менен экс-мэрлердин баш болуп соттолуп атканы далил эмеспи

Ириде өлкөдөгү мындай өзгөрүүлөр оңой менен ишке ашпасы белгилүү. Бир тобу буга ачык, тымызын да каршылыгын көргөзүп жатышат. Өзгөчө чоң кызматта отуруп жеп-ичишип, чоң ууртагандар. Ошол эле учурда кылмышы ашкереленип атса деле «илибой» жерден жол таап камырдан кыл сууругандай чыгып кеткендер да жок эмес. Алсак, мамлекеттик каттоо кызматынын экс-жетекчиси Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголгону маалым. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Сарпашевдин тагдыры эмне болгону белгисиз. Ал иш жабылдыбы, тергилип атабы, эч ким билбейт! Муну кандай түшүнсө болот? Же Сарпашев үчүн баарына бирдей деген мыйзам иштебейби? Эмнеге баарына бирдей иштеп келаткан мыйзам Сарпашевге келгенде какап калды? Муну ким түшүндүрүп берет? Анүстүнө 2016-жылдары КТРдеги «Азаттыктын» түз эфиринин теледебатына Тайырбек Сарпашев менен Камчыбек Ташиев чыгып, катуу чарпышкан, эфир аягында Кыдыршаевич: «Биз бийликке келип калсак, көргүлүктү көрөсүң» деп ачык эле айткан жайы бар эле. Камчыбек мырза аны унута элек болсо керек...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер