Менден он беш жаш улуу жолдошум башканы таптыбы?


Мен 25темин, күйөөм 40та. Төрт жылдан бери бирге жашайбыз, уулубуз бар. Акыркы 3-4 айдан бери экөөбүздүн ортобуз муздап бараткандай. Баары мурункудай ысык эмес. Жолдошум жумуштан келип тамактанып, телевизор көрүп уктайт. Демалышта болсо достору менен кетет. Ал чоң кызматта иштейт, жоопкерчилиги чоң, финансы жана документ иштерин декретке чыкканга чейин мен жүргүзчүмүн, азыр болсо өзү эле жасайт. Анткени башкаларга ишенбей калды. Ошондуктан жумуштагы кечигүүлөрүнө, демалышта да бошобой калышына түшүнсө болот. Бирок мурда мындай график менен жашаса да, биз көбүрөөк убакытты чогуу өткөрчүбүз. Жөн гана көчөгө чыгып сейилдеп келчүбүз, же үйдө кечинде кытай чайын ичип отуруп, сүйлөшчүбүз. Бул бизди жакындаткан кичинекей салт болчу. Азыр мунун бири жок. Кээде баламды апама жөнөтүп, “экөөбүз жалгыз калалы” деген аракетим да жыйынтык берген жок, ал мурдагыдай эле жумуштан келип, тамактанат да уктайт, эртең менен эрте кетет.
Жөн эле жашап жүрө бергенге болбой калды. Өзүм сүйлөшүүгө чакырдым. Мен урушпай, түшүнүүгө аракет кылдым. Бирок андай аракетимден кийин да эч нерсе өзгөргөн жок. Эки жума өттү, баягы эле кайдыгер мамиле. Мен дагы деле жалгыздаймын. Күйөөм чындап эле башканы таптыбы?..
Айзирек
"Азия Ньюс" гезити











