Биздин замандын генералы


Жакында соцтармактардан жана “7-каналдан” “Темир генерал жыгач генералга айланганда” деген макаланы окуп алып ойго баттым. Анткени макалада милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев өзүнүн кадыр-баркын кетирип, азыркы бийликти туура эмес сындаган өңдүү кептер айтылыптыр.
Бизди тагдыр 1989-жылы тааныштырды. Мен анда Пржевальск шаардык ички иштер бөлүмүндө кылмыш иликтөө кызматынын баңгизаттар менен иштеген улуу ыкчам кызматкери элем. Милициянын капитаны Суваналиев Өмүрбек Исакович бизге Аламүдүн районунан ОБХССтин начальниги болуп дайындалып келди. Келери менен эле социалисттик мүлккө каршы күрөшүү бөлүмчөсүндө чоң өзгөрүүлөр боло баштады. Кадрлар алмашып, шаар ичинде ОБХСС жөнүндө көбүрөөк кеп болуп, “тигил, бул кармалыптыр” деген имиштер чыгып, бөлүмчөнүн көрсөткүчтөрү жогорулап, айтор, ШИИБ деле, шаар ичи деле “Ома” деп Өмүрбек Суваналиев жөнүндө сөз көп жүрө баштады. Ошол кезде Пржевальск ШИИБ начальниги билимдүү, тажрыйбалуу, талапты катуу коё билген маркум Жарманбет Сатыбаев эле. Жарманбет Сатыбаевич Бишкектеги милициянын жогорку мектебине начальник болуп, анын ордуна начальниктин милдетин аткаруучу болуп Токон Касымбеков дайындалып калды. Ал эми начальниктин ыкчам иштер боюнча орун басары катары Өмүрбек Суваналиев иштеп баштады. Ошол мезгилден баштап биз чогуу эмгектенип калдык.
Башында “бул ОБХССник биздин жумушту түшүнгөнчө качан” деп жүрсөк, андай эмес экен. Көрсө, Өмүрбек Исакович Талас облусунда, Фрунзе шаарында кылмыш иликтөө кызматында иштеп, мол тажрыйбасы бар экен. Ал келгенден баштап баардык ыкчам кызматкерлерди иштин көзүн карап иштөөнү, күнүмдүк “текучка” менен жүрө бербей, кызматтын кайсы багыты актуалдуу, маанилүү, кайсы резервдер бар болсо, ошолорду биринчи иретте жасашыбыз керек экендигин, кылмышты ачуу үчүн милициянын баардык тармактарын колдонуу керектигин талап кыла баштады. Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери кыйла такшалгандар эле. Ошентсе дагы жетекчибиз биздин духту кыйла көтөрүп койду. Милициянын тарыхында биринчи жолу бөлүмгө соода базаларынан автолавкалар келип, КИБ кызматкерлерине дефицит товарлар маал-маалы менен сатылып, биз кадимкидей эле үстү-башыбыз түзөлүп, оңуп калдык. Ал бизге күнүмдүк “текучкадан” тышкары кылмыш иликтөө кызматынын негизги ролу, мааниси, бул кызматтын коомго, жалпы журтчулукка, ошондой эле кылмыш дүйнөсүнө болгон таасири, кылмыштуулук менен кандай шартта, кайсы күчтөрдү колдонуу менен күрөшүүнү, аны ооздуктоону жаңыча көз караш менен уюштуруп жатты.
1989-жылы жай айларында Пржевальск аэропортунан “Захват воздушного судна” деген маалымат жекшемби күнү түштөн кийин Пржевальск ШИИБнин кезмет кызматына телефон аркылуу берилет. Жекшемби күнү жетекчиликтен жооптуу Өмүрбек Суваналиев эле. Мындай учурда облустук УКК, прокуратура, аскердик бөлүктөр менен бирдикте биргелешкен “НАБАТ” аттуу атайын ыкчам иш-чараны Ысык-Көл облус жетекчилиги менен бекитилген план боюнча Ө.Суваналиев ишке киргизип, аэропорт курчоого алынат. Мен ал убакта шаардан 30 чакырым аралыкта жайгашкан Боз-Учук айылында атамдын үйүндө элем. Телефондон кезметчинин “Тревога НАБАТ!” деген командасын угуп, 15 мүнөттө аэропортто болдум. Анткени, эгер кылмышкерлер кандайдыр бир себептер менен учакты ээлеп алса, же мен, же Ю.С Дендеберов аттуу кызматкер экөөбүз учактын эшигин сындыра чаап ачып берүү милдетибиз эле. Келсем аэропорт курчалган, ар биз кызматкер өз милдетине жараша постторду ээлеген экен. Мен самолетко жакындаганда самолеттун жанынан жетекчилерим Токон Касымбековду, Өмүрбек Суваналиевди жана сержант Н.Бугаевди көрдүм, калгандары эсимде жок. Ошол мезгилде самолеттон эки жаш бала менен учактын капитаны жана Ө.Суваналиев чогуу түштү. Бир баланын колунда консервага окшогон темир калай банка, ортосунда эки зым чыгып турат. Банка менен кармалган өспүрүмдү Ө.Суваналиев самолеттон жалгыз өзү түшүрүп, мага “банканы кармап турган өспүрүмдү коштоп барып, колундагысын саперлерго өткөзүп, тийешелүү иш-чараларды жүргүз” деп тапшырма берди. Мен самолеттон саперлорго чейин болжол менен 200 метрди 15 мүнөттө жай басып жеткиздим. Самолетко кирип, банканы алып, мага бергенге чейинки акыбалын Өмүрбек Исакович ошол кезде айткан эмес эле. Менин оюмча, абдан эле оор болгон болуш керек. Анткени самолеттун ичинен бир кылмышкер өспүрүмдү бронежилетчен Н.Бугаев, ал эми экинчисин Өмүрбек Исакович экөө гана кирип кармап, куралсыздандырышкан. Үчүнчү кылмышкер болсо ошол жерден өзүнө “харакири” жасап, самолеттогу жүргүнчүлөрдүн жүрөгүн түшүрүптүр. Банканы бергенден кийин кармалган баланы сурай баштадым. Үчөө Токмок шаарынын тургундары экен. Жаш өспүрүмдөр, бирөө орус, экөө уйгур. Пржевальск шаарына атайылап багыттанышып, банкага цементтин аралашмасын куюп, анын сыртын кара боёк менен сырдап, ичинен эки зымдын учун чыгарышып, “жардыруучу заттын” муляжын даярдашыптыр. Кыялдарында учакты айдатып алып Кытай Эл Республикасына барса, алар “улуттук баатыр” болушмак экен. Бирок Советтер Союзу боюнча атайын иштелип чыккан “НАБАТ” планын өз убагында, туура жана так уюштурган Өмүрбек Суваналиевдин күчү менен бүткүл дүйнөгө дүңгүрөгөн кылмыш өз убактысында токтотулуп, учактын жүргүнчүлөрү аман калды. Ушул окуяга байланыштуу Ысык-Көл облус жетекчилиги демилгелеп, Өмүрбек Суваналиев менен Т.Касымбековду СССРдин жогорку даражалуу “Кызыл жылдыз” орденине, Н.Бугаевди “За отличную службу в охране общественного порядка” деген медалга көргөзөлү дешсе, Өмүрбек Исакович “это нескромно” деп болбой койгон. Бул эрдик боюнча союздук, республикалык массалык мааламат каражаттарында көп эле чагылдырылды.
Өмүрбек Исакович милиция кызматында жаңыча көз караш, кылмыштуулуктун приоритеттүү багыттарын анализдөөгө көп көңүл бурар эле. Буга мисал, Россиянын Красноярск крайында өтө оор кылмыштар боюнча соттолгон Пржевальск шаарынын тургуну А.М. жаза мөөнөтүнөн бошонор алдында биздин шаардын кылмыш дүйнөсүнө “прогон” жиберет. Ал Красноярскидеги түзөтүү мекемелеринде “мыйзамдагы ууру “ статусун алганын, качан бошонору, кайсы рейс менен учуп келери, кылмыш чөйрөсүндөгүлөр кантип тосуп чыгары жөнүндө тийешелүү тапшырмаларды берүүгө үлгүрүптүр.
Өмүрбек Суваналиев “андайларды момундай “тосуп”, кылмыш дүйнөсүнө каршы мыйзамдуу “сындырыш” керек” деп баарыбыз атайын иш-чара иштеп чыктык. Мен “мыйзамдагы ууруну”, аны тоскону кеткен агасын да таанычу элем. Ошондуктан аларды Алма-Ата аэропортунан кармап алып келүүгө эки кызматкерди алып, Казакстанга кеттим. Дагы бир группа “Манас” аэропортуна кетти. Ошентип биз эки бир туугандын колуна кишен салып алып келсек, ШИИБнин короосунда Пржевальск шаарындагы кылмыш дүйнөсүндөгү “аттуу-баштууларды” чогултуп даярдап коюшкан экен, алар бат эле бул “самозванецтерди” ачыкка чыгарып, мүңкүрөтүп салышты. Болбосо А.М. Кыргызстандагы биринчи “мыйзамдагы ууру” болмок, кыргызча айтканда, эр болсоң далилдеп көр! Бул да болсо Өмүрбек Суваналиевдин жаш кезинде эле профессионалдык деңгээли, тажрыйбасы мол күчтүү кадр экендигин көрсөтүп турат.
1990-жылдын февраль айында мен кадрларды чыңдоо максатында Ысык-Көл ШРИИБнин кылмыш иликтөө кызматынын башчысы болуп (начальник уголовного розыска) дайындалып келдим. Апрель айында Өмүрбек Исакович ШРИИБге начальник болуп дайындалды (ошол кездеги республика боюнча эң жаш начальниктерден болсо керек). Дайындалган күндөн баштап өздүк курамдын моралдык духун көтөрүп, райондун калкы менен эл арасында байланышты күчөтүү маселелерин жолго койду. Күнүгө МАИ кызматкерлерине “мага керээли-кечке соко айдап, кичине ичип койгон трактористтерди, же оор жүк тарткан шоферлорду кармап көрсөткүч бербей эле койгула. Бизге район ичиндеги мамлекет аралык жолдо мас абалында айдап жүргөн чиновниктерди, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрүн, көпкөн чарба, ишкана жетекчилерин кармап, массалык маалымат каражаттарынан көрсөткүлө” деген талаптарды койчу. Райондогу чоңдор кадимкидей тартипке келип, мамлекеттик унааларды ары-бери чалчактап айдабай калышты. Биздин кызматка болсо район ичиндеги элдүү пункттун тартип бузуусунун 5 жылдык анализин бир айда даярдап, “Курорт-90” жайкы сезонуна кылмыштуулукка каршы жалпы республикадан келе турган күчтөрдү кандай максатта пайдалануу керектигин даярдоону буюрду. Ошентип Ысык-Көл милициясынын тарыхында биринчи жолу ар бир айыл боюнча криминогендик абал боюнча кеңири жана толук кандуу анализ жасалган. Ошол анализдин негизинде милиция кылмыштуулук менен кандай шартта, кандай күчтөр менен иштөөсү керек, кайсы айылга күнү-түнү иштеген постторду коёбуз, убактылуу айылдык милиция бөлүмчөлөрүн уюштуруу (Бостери, Темир, Тамчы) талаптары ишке ашырылып, Ысык-Көл ШРИИБ облуста мыкты көрсөткүчтөрдү жарата баштады. Жай мезгилинде коңшу Казакстан, Өзбекстан республикалары менен кылмышка шектүү адамдардын Ысык-Көлгө келип кете турган “туристтик миграциясын” да көзөмөлгө алууга жетиштик. Биздин бул тажрыйба “Советская милиция” журналына да басылып чыккан. Ошол убакта райондо катталган резонанстуу кылмыштардын дээрлик баардыгы ачылып, кылмыш кылган же аралашкан республикага атагы чыккан чоңдордун баласы, тууганы болобу, баардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылышты. Жай айында районго келген ар кайсы өлкөлөрдүн криминалдык башчылары, “мыйзамдагы уурулары” (Москва шаарындагы Солнцевская группанын мүчөлөрүн, башчысы “Павлин”, облустун жетекчисинин баласын, Казакстандын Мерке шаарынын кылмыш авторитети айтылуу “Азим Рой”, Ташкент шаарынан “мыйзамдагы уурусун”) дагы кадимкидей эле сот жана административдик жоопко тартылышты. Кадимки кылмышкерлердей эле ШРИИБ убактылуу кармоочу жайларына камалып, аларга мен-мен деген кыргыздын аткаминерлери, укук коргоо кызматтарынын жетекчилери да жардам бере алышкан эмес. Район милициясынын профессионалдык жана моралдык духу болуп көрбөгөндөй өстү. Эл оозуна “Менин милициям – мени коргойт” деген ишеним пайда болуп калды. Анткени Өмүрбек Исакович киргизип жаткан өзгөрүүлөр, реформалар өз натыйжасын бере баштаган.
Бирок, “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” болуп, жалаң мыйзам менен иштөө көпчүлүк чоңдорго жакпады көрүнөт, бизге райондук прокуратура, сот, улуттук коопсуздук кызматы деле ишибизге бут тосуп, болор-болбос үчүн иш козгошуп, жалпы ишке жолтоо болуп жатышты. Бир нече кызматкерге жалган жалаалар менен иш козголуп, акыры Ө.Суваналиевдин үстүнөн дагы бурмаланган арыз менен иш козголуп, камакка алынды. Ошол замат өздүк курам баардыгы эч кимдин командасыз эле бул адилетсиздикке каршылыгын билдирип, кезмет бөлүмүнөн башкалар иш таштап, кызматтык күбөлүктөрүн замполитке өткөзүп, эртеси Фрунзе шаарында борбордук аянтка СССР тарыхында биринчи болуп милиция кызматкерлеринин каршылык пикети, же иш таштоосуна чыктык. Ал кезде баардыгы аскердик тартипте эле. Биздин иш таштообуз өтө чоң коомдук-саясый резонансты жеке эле Кыргызстанда эмес, бүтүндөй Советтер Союзуна жаратты. Албетте, башында коркутуулар болду (кызматтан айдайбыз, пенсиясыз каласыңар, жоопко тартыласыңар ж.б.), бирок КР ички иштер министри Феликс Кулов, башкы прокурор Чолпон Баекованын кепилдиги менен Өмүрбек Суваналиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши тез арада объективдүү тергелээри, күнөөсүн сот далилдээрин, эгер күнөөсү жок болсо кайра кызматына кайтарын белгилешти. Анткен менен Өмүрбек Исакович бир жылга жакын тергөө абагын жатып калды, соту болду. Айткандай эле акталып, өз ордуна кайтып келди. Ошол кезде “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жашоо мыйзамы иштечү экен.
1993-жылы КР ички иштер министрлигинин жетекчилигинин иштөө принциптерине макул эместигин республикага жарыя кылып, кызматтан кетти. Бирок ошол эле жылы жаңы уюштурулган салык полициясынын төрагасынын орун басары болуп кызматка келди. Андан кийин Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу боюнча төрагасы болду. Бул кызматтарда дагы резонанстуу кылмыштардын бетин ачып (Тажикстанга поезд менен бараткан 20 вагон куралдар, ок-дарылар), өзүнүн мамлекетке ак дили менен кызмат кыларын дагы бир жолу далилдеди.
Кызматын тапшырып, отставкага кеткенден кийин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көргөзүп, айтылуу Аманбек Карыпкуловду саясый өнөктүктө утуп чыгып, Жогорку Кеңештин активдүү депутаттарынан болду. Андан кийин Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, оппозициялык “Бирдиктүү фронттун” штаб башчысы, эки жолу Бишкек ШИИБ начальниги, ички иштер министринин орун басары, министр, Нарын облусунун губернатору, Коопсуздук Кеңештин секретарынын орун басары, Баткен облусунун губернатору болду. Орто жерде Ош облусунун ИИБ начальниги болуп туруп, облустагы саясый кырдаалды эки жума ичинде токтотууга жетишип, улуттар аралык согуш болуп жаткан учурда өткөрүлө турган референдумга каршылыгын билдирип, дагы отставкага кеткен. Мамлекет жетекчилиги кайсы гана оор участкаларды тапшырбасын, таза, ак ниеттүүлүк, мамлекетчилдик көз караш менен жогорку деңгээлде иштеп берди. Анын дасыккан саясатчы, мамлекетчил экендиги 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандыкта даана көрүндү.
Октябрь айында төрт күн бою мамлекетибизде президент жок, өкмөт башчысы жок, же Жогорку Кеңеш чогулуп бирдиктүү мыйзам талаасына келе албай жаткан убакта Өмүрбек Исакович жетектеген КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы гана мыйзам чегинде иштеп, өлкөдөгү стабилдүүлүктү камсыз кыла алышты. Тышкы иштер министрлиги аткара турган карым-катнаштар, эл аралык коомчулук менен иштөө вазийпасы жалгыз Өмүрбек Суваналиевдин мойнуна жүктөлдү. Ошондо азыркы көкүрөгүн чапкан лидерлер, кыргыздын аттуу баштуу аксакалдары кайда эле? Түшүнүксүз...
Андан кийин кыргыз-тажик мамилери өтө курчуп турганда Баткен жергесине губернатор болуп барып, эгемендик алгандан бери чечилбей келаткан маселелер менен иштеп жатканда, кайрадан абал курчуп, түшүнүксүз себептер менен кайрадан отставкага кетти. Кыргыз эли кайрадан бүдөмүктө калды, же себебин билбейт. Мамлекет башчы “мен кызматтан алып салдым” деди. Эмне себептен экендиги ачык айтылбай калды...
Илимде пассионаризм деген түшүнүк бар, ал жалпы элдин кандайдыр бир кырдаалда “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу” шарты. Ошол учурда эл мүдөөсүнө жараган азаматтар, көсөмдөр, баатырлар пайда болот дагы, элдин башын бириктирип, маселени чечет. Тарыхта айтылуу Манас, Курманбек, Эр Табылды, Ормон хан, Жусуп Абдрахманов өңдүү инсандар болушкан. Ошолор сыяктуу эле акыркы козголоң, эл нааразычылыгы дейбизби, революциябы, айтор, бул коогалаңда Өмүрбек Суваналиевдин ролун баалабай коюу – бул тарыхый жаңылыштык. Өзү аябай көтөрүмдүү экен, соцатрмактарда, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган “дакансалардын” билдирүүлөрүнө “былк” этип койбоду. Мына ушунусу “элдик генералдын” эрдиги болсо керек.
С.Джусупов, ИИМдин ардагери, милициянын полковниги











