Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркияда Украина менен Россиянын бетме-бет сүйлөшүүлөрү башталат

Түркияда Украина менен Россиянын бетме-бет сүйлөшүүлөрү башталат

29-март, 12:09
545 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Стамбулга эки өлкөнүн расмий делегацияларынын өкүлдөрү келди жана бетме-бет сүйлөшүүлөр шейшембиде Долмабахче сарайында башталат.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба аны утурлай жергиликтүү медиаларга берген комментарийинде сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты оболу гуманитардык маселелерди чечүү болорун, ок атышууну токтотуу, бул багытта туруктуу макулдашууга жетишүү экенин билдирген.

Financial Times басылмасы төрт маалымат булагына шилтеме кылып, бул сүйлөшүүлөрдө Россия Украинаны денацификациялоо, демилитаризациялоо жана орус тилин коргоо өңдүү талаптарынан баш тартканын жазды.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Украина өзүнүн коопсуздугуна Россиядан жетиштүү кепилдик алса, НАТОго кирүү планынан баш тартышы мүмкүн экенин ачык айткан.

Кремль сүйлөшүүлөр тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер