Азамат Арнабек уулу: “Балыкчынын мурунку мэрлери көзгө көрүнүктүү иш кылышпаптыр”
Балыкчы шаарынын мэри менен маек.
-- Сиз мэрликке киришкен аралыктагы эң чоң жетишкендигиңиз эмне болду?
-- Мэрлик кызматка келгениме бир айдын жүзү болду. Балыкчы шаарындагы көйгөйлөрдүн бири болгон муниципалдык жерлерди ижарага алып, бирок көп убакыт төлөбөгөндөрдүкүн кайра кайтарып алдык. Ал жерлер чыныгы иш алып барып, жумуш орун түзүүгө берилиши керек.
Балыкчы шаардык коммуналдык жана муниципалдык кызмат көрсөтүү мекеме-ишканаларынын социалдык тармактардан өздөрүнүн баракчаларын ачтырууга жетиштик. Бул иш мекемелер менен элдин ортосундагы байланышты жакындатуу максатында аткарылды. Ал жерге жарандар өздөрүнүн көйгөйлөрүн, сунуштарын, кайрылууларын жазып турса болот. Ошондой эле мекеме-ишканалар аткарып жаткан жана аткарыла турчу иштери тууралуу маалымат берип турушат.
Эл көйгөйүн чечүү максатында көптөгөн демөөрчүлөрдү тапканга да үлгүрдүк. Алдыда да жакшы ой-максаттар, иштер бар. Эл үчүн чоң ийгиликтерге жетебиз деген ишеничтемин.
-- Шаарды жакынкы 1-2 жыл ичинде кандай элестетесиз? Эмнелер сөзсүз түрдө пайда болуп, эмнелер жок болушу мүмкүн?
-- Балыкчы шаарын 1-2 жыл аралыгында жашыл, жарык, кооз шаар болорун элестетем. Бир дагы караңгы көчө болбош керек жана ээн кургап жаткан жерлер жашылданат. Балыкчы шаары Ысык-Көл облусунун кире бериши болгондуктан, каралбай, менчикке өтүп кеткен имараттар кайтарылып, көрккө келтирилет деп ишенем.
-- Кадрларды кандай принцип менен тандаш керек? Алар менен иштешүүдө жыйынтык маанилүүбү?
-- Кадрлар иш тажрыйбасына жараша конкурстун негизинде тандалып алынышы шарт. Тажрыйбасы жогорку кадрлар менен иштешүү өтө маанилүү. Биринчиден, ар бир адам өз жумушун сүйүп аткарышы керек. Эли-жери, мекен үчүн күйгөн кадрлар менен иш жүргүзсөк өнүгөбүз.
-- Мурунку мэрлердин башкарууда кетирген катачылыктары катары эмнелерди көрө алдыңыз?
-- Мурунку мэрлердин эл менен тыгыз байланышта болбогондугу жана кылган иштери боюнча элге отчёт бербептир. Ошондой эле “Ысык-Көл” өнүктүрүү фонду жана демөөрчүлөр аркылуу көзгө көрүнүктүү иш кылганын көрө алган жокмун.
-- Мектеп окуучуларына жана мектепке чейинки балдарга кандай шарттар каралууда?
-- Мектеп, бала бакчалардын имараттарын дагы да окууга ыңгайлаштырууга шарттар түзүлүүдө. Ден соолугуна кам көрүү иштери жасалууда.
-- Мэр катары алдыга койгон иш-пландарга жетүүдө эмнелерге басым жасайсыз?
-- Тажрыйбалуу команда топтоого жана инвестиция тартуу менен жумуш орундарын түзүүгө басым жасайбыз. Көптөгөн ой-максаттарыбыз, иш-пландарыбыз бар. Келечекте ал иштерди сөз менен эмес, иш менен далилдейбиз.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити