Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шүкүрбек Эркебаев, активист: “Байларды маалы менен жазалап туруу керек”

Шүкүрбек Эркебаев, активист: “Байларды маалы менен жазалап туруу керек”

15-октябрь, 22:33
1 056 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сот системасындагы адилетсиздик, коррупция боюнча катуу күрөшөрүн билдирди эле. Сиздин пикириңиз кандай?

-- Заманбап Кыргызстандын сот системасындагы мыйзамга дал келбеген, тагыраагы, коррупциялык элементтерди камтыган коомдук байланыштар тууралуу сөз баштоо чынында кара пандоранын кутусун ачканга барабар да. Андыктан, акыркы төрт жыл аралыгындагы кээ бир сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда жаралып жаткан терс практикаларды УКМК төрагасы гана эмес, жөнөкөй эл да көрүп, сезип, билип эле турат. Бирок колдорунан эч нерсе келбейт. Себеби, жарандардын укук коргоо, сот органдарынын өкүлдөрүнө үнү да, сөзү да жетпегени анык. 

Бул жаатта өлкө жетекчилиги алгылыктуу иштерди баштоо алдында турганын Камчыбек Кыдыршаевичтин жасап жаткан кыймыл аракетинен даана байкап баштадык. Садыр Нургожоевичтин башкы колбашчы катары мындай башаламандыктардын алдын алуу тууралуу укук корго органдарынын жетекчилигине так, даана тапшырма койгондугу шексиз.

Тагыраагы, соттор мыйзам чегинде чечим кабыл алуунун ордуна ошол тергөө кызматтарынын жетекчилерине баш ийишип, алар көзөмөлгө алышып, ошолордун айтканынан чыкпастан кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып жүрүшөт. 

Мындай көрүнүштөрдүн алдын албаса, токтотпосо, мамлекетте адам укуктары сакталбаса, анда акыбети оор болот. Ошол себептен УКМК төрагасынын бул көрүнүштөргө назар салганы, көңүл бурганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мен ойлойм, уюшкан кылмыштуу топторго, коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары кандай жемиштүү болсо, сот системасында болуп жаткан башаламандыкка, адилетсиздикке жана кээ бир милиция кызматкерлеринин кыймыл аракетине да сөзсүз укуктук баа берилип, бул жааттагы күрөштүн жыйынтыктары чыкса керек.

Кыргыз Эл Баатыры, генерал-полковник Камчыбек Кыдыршаевичтин иштерине ийгилик гана каалабастан, анын ишке ашырып жаткан реформаларына жардам да бергенге даяр болушубуз керек. Анткени сот адилеттүүлүгү толук кандуу орногон өлкөдө гана адам укуктары сыйланат, урматталат.

-- Айтканыңызга ынаналы. Бирок, УКМКнын «кустурганы» көнүмүш адатка айланып кеткен жокпу? Бул нерсенин түбү мамлекеттин келечегине зыяны тийбейби?

-- Байларга карата бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты негизинен туура. Кыңыр иштерин ачыктап, маалы менен жазалап туруу керек. Элдин көпчүлүгү колдоп жатат. “Байларды “кустуруп”, мал-мүлктөрүн тартып алып жатат” дегенден мурда, “алар кантип көпөстөргө айланганына” кызыгалы. 

Мен билгенден азыркы жоопко тартылган байлардын арасынан бир да таза бизнес кылганды көрбөдүм. Көпчүлүгү эл ырыскысын жегендер, мыйзамдарды аткарбагандар, салыктарын жашыргандар жана башкалар. Буларды “кустуруу”, жазалоо мамлекеттин келечегине залакасы эмес, тескерисинче, өтө пайдалуу жана келечекте боло турган байларга таза иштөөгө үлгү боло алат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер