Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жаман жолдо жүргөн эркектер, токтоткула! Кайтар дүйнө үн-сөзсүз кайтып келет”

“Жаман жолдо жүргөн эркектер, токтоткула! Кайтар дүйнө үн-сөзсүз кайтып келет”

06-январь, 20:21
2 233 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мезгил агымында “Аман бололу” тайпасына жашы 48деги адам өз тагдырын баяндап жазган.

“Жашым 48ге жакындап калды. Бирок, ичимдеги бир сыр тынчтык бербей, жандүйнөмдү кыйнап келет. 

Жашымдан эрке өстүм. Ата-энемдин жалгыз улуу болгондуктан, каалаганымы ичип, каалаганымды кийер элем. Бирок, акча ушунчалык жашооңду азгырарын кеч түшүндүм. Өзүм да сулуу болгондуктан, кыздар дайым айланамда айланчыктап жүрөр эле. Бул адатым үйлөнгөндө да басылбады. Пешенеме Кудайым аябай сабырдуу аял берген экен, азыркыга чейин жаманымды да, жакшымды да жашырып келет.

Үйгө бир күн келсем, үч күн жоголуп кетээр элем. Бул мага күндөгү көнүмүш күндөр болуп калган. Клубга, андан чыгып жаман досторума кошулуп, карта ойночумун. Андай күндө кыз болбосо кызыгы жоктой болуп, кыздарды алып келчүбүз. Бака-шака, каткырык, ызы-чуу. Күндөн-күнгө ушундай күндөр уланып жатты. Ал арада үч балалуу да болуп калдым. Эки кыз, бир уулдун атасымын. Бирок, балдарды аялым эле тарбиялап, өстүрүп жатты. Качан тарбиялайм, эгер бир күн үйдө болуп, эки күн болбосом? Бул иш качанкыга чейин созулат эле, эгер минтип жарым жан болуп калбаганымда?..

Бир күнү адаттагыдай досторум менен машинеде шарактап келе жатканбыз. Кайдан чыга калды билбейм, маңдайыбыздан бир ит чыгып, машинебиз кырсыкка учурады. Тарс эткен добуштан улам баарыбыз куладык. Көзүм караңгылашып, жумулганын билем, андан аркысын эстей албайм. Көзүмдү ачсам, ооруканда жатыпмын. Балдарым, аялым көз жашын көлдөтүп, башымда туруптур. Байкуштарым, менин тирүү калганыма ыраазы. Көзүмдү ачып эле досторумду сурадым. Рулда отурганы ошол эле жерде жан бериптир. Арт жактагы экөөбүз тирүү калыппыз. Бутумдун ооруганынан улам ылдый жакты карасам, жарым жанмын... Көргөн көзүмө ишенбедим. Тизеден ылдый жагым бырчаланып кеткендиктен, кесип ташташыптыр. Ата-энем болсо өмүрүмдү тилеп отурат.

Ошентип жарым жылдай дарыланып жүрүп, ооруканадан чыктым. Аялым дагы деле жылуу мамиледе. Ушунча жашап, аялыма да жакшы мамиле кылбагам. Ал болсо мени сыгылбасын деп ар күнү жылмайып, жылуу сөзүн айтып турат. Аялымдын сабырдуулугуна таңгалам. 

Убакыт өтүп, тун кызымды турмушка узаттык. Жакшы эле жашап атышкандай туюлган, бирок кызым күндөн-күнгө өңүнөн азып, соолуй баштады. Мени сыгылбасын дейби, дайыма жылмайып кирет. Көздөрү муңдуу, эч нерсе айтпайт. Бир жолу аркы үйдө апасы менен сүйлөшүп отурганын угуп калдым. Ыйлап алган. “Апаке, чыдай албайм. Сабырым түгөндү. Бир күн келип, үч күн жок болот. Ойногону ойногон. Үй-бүлөсү бар экенин да эсинен чыгарып таштайт. Ушул сөздөрдү укканымда, жүрөгүм селт этип, титиреп баштадым. Мен да ушинтип жүрбөдүм беле? Баардыгы менин кылганыма куюп койгондой окшош. Ойногону, үйгө келбей калганы, үй-бүлө эмне экенин билбегени... Мунун баарын күйөө балам кызыма көрсөтүп жатабы? Башымды мыкчып, ыйлап жибердим. Кайтар дүйнө эртедир-кечтир кайрылып келерин билсем кана?! Менин дартымдан балам жапа чегүүдө. Менден алып качкан көздөрү ушуну айта албай турган экен да...

Кызымды чакырып, кучагыма кысып, буркурап ыйлап жибердим: “Кечир кызым, кечир акмак атаңды! Адам болуп, айбандарча күн өткөзгөн катамды. Менин кесепетимден, менин дартымдан, менин катамдан, сенин жашооң татаалдашып калды”.

Баары кайтты, баары келди. Неге кеч түшүндүм? Эми не амал кыла алам? Аялым да менин түшүнгөнүмө ыйлап жиберди. Дагы канча отурат элек билбейм, балдарым келип эшикти такылдатпаганда. 

Ошол күндөн баштап намазга жыгылдым. Кетирген каталарым үчүн аябай өкүнүчтөмүн. Бирок кеч болсо да адам болуп, өзгөрүп жашаганыма шүгүр кылам. Кызым дагы кандай азаптарды башынан кечирип жатат (?) билбейм. Апасын тартып сабырдуу, намыстуу, эч нерсе айтпайт. Сыягы, “жеңсең болот” деп апасы үйрөткөн го? 

Баардык жаман жолдо жөргөн эркектерге айтарым, токтоткула, кеч боло электе! Биз кылган катага эмне үчүн балдарыбыз, же карындаштарыбыз жооп бериши керек? Ойлонгула, кайтар дүйнө үн-сөзсүз кайтып келет дегени анык. Мен сыяктуу адашпагыла! Менин башыман өткөргөн окуялар “күнүмдүк жашоо” деп ойноп жүргөн адамдарга сабак болот деген ниеттемин. Ар бир үйдө ынтымак, ырыскы, бактылуулук болсун! Аллахым ар бир адамга жеңил сыноо берүүсүн насип этсин”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер