Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Санкциялар зардабы тийбейби?

Санкциялар зардабы тийбейби?

07-август, 11:57
485 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россияга болгон санкциялардан Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы айрым банктар, акча которуу системалары жабыр тартпай койгон жок. Мындан ары кандай кадам жасашат? Эксперттер жооп узатышты.

Элдар Абакиров, экономика министринин мурдагы орун басары:

– Биздин Кыргызстандын экономикасынын 80%ы Россияга байланган. Мигранттарыбыз которгон 2 млрд. доллардан ашык акча ошол жактан келет. Айыл чарба азыктары, тигүү тармагынын өнүмдөрүнүн 90%ы ошол жакка сатылат. Ошондуктан акча маселесин шарт кесип токтотуп коюу таптакыр мүмкүн эмес. «Сбербанк» менен кызматташуу деле кайсы бир деңгээлде кыл үстүндөгү абал. Бул жерде биздин өкмөттөн, Улуттук банктан өтө кылдаттык менен иштөө талап кылынат. Эгер кайсы бир банктар же системалар аркылуу согушка байланыштуу операциялар жүрүп жатканы аныкталса, токтотуп, чара көрөбүз, андайларды жолотпойбуз деп эки тарапка тең кылдаттык менен түшүндүрүп, оокат кылууга тийиш.

Арсланбек Кененбаев, финансист:

– Ооба, азыр оор абал жаралып турганы чын. Бир жагынан Россия менен Евразиялык биримдикте турабыз. Ал гана эмес салык системабыз бир, ошондуктан интеграция абдан күчтүү. Аныгында, биз Россиянын бир экономикалык субъектиси болуудабыз. Мындан эч кайда кача албайбыз. Экинчи жагынан алганда, Евробиримдик менен АКШдан санкциялар аркылуу басым болуп жатат. Ошол себептен, биздин банктар этият болуп иштеши керек. Ал эми башка тарабынан карасак, Европа менен АКШ биз Россия менен биримдикте турганыбызды, бизде башка жол жок экенин түшүнөт да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер