Акыркы кабарлар
» Коом » Россияда эмдөөдөн баш тарткандарга айып салуу мүмкүнчүлүгү каралууда
Россияда эмдөөдөн баш тарткандарга айып салуу мүмкүнчүлүгү каралууда
20-декабрь, 17:40

Роспотребнадзордо эмдөөдөн баш тарткандарга карата айып салуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Маалыматка ылайык, учурда бул маселе башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде каралып жатат.
“Белгилүү болгондой, буга чейин Австрияда эмдөөдөн баш тарткандарга 3 миң 600 евро суммасында айып салуу чечими чыгарылган. Ал эми АКШда эмдөөдөн баш тарткандыгы үчүн 100дөн ашык кызматкерлери бар компанияларга айып салына баштайт” деп айтылат маалыматта.
Россияда Жогорку сот видеоматериалдардын негизинде беткаптын жоктугуна айып салууга уруксат берди.