Акыркы кабарлар
» Саясат » БМУнун карамагына КМУ өтүп, ректор Айгүл Абдраева пенсияга кетсе туура болот
БМУнун карамагына КМУ өтүп, ректор Айгүл Абдраева пенсияга кетсе туура болот
01-январь, 19:30

Илимий чөйрөдөгү кыраакы профессор, докторлор И.Арабаев атындагы КМУнун кунары кетип баратканын байкашып, ректору Айгүл Абдраеванын курулай эле күнүмдүк пиар иштери менен алектенерине нааразы болуп жатышат. Арзыбаган жолугушуулар, видеого, сүрөткө түшмөй ж.б. Буга чейин Бишкек мэриясына заңгыраган корпусун алдырып жиберип, азыркы учурда студенттер тыгылышып, кезек-кезеги менен окуп жатышканы, ыңгайсыздык жаралганы ырас. Мугалимдердин ичтери чыкпай, бушайманга батып келатышканы кандай? Окутуучулар И.Арабаев атындагы КМУнун келечегине, илимий өсүүсүнө кабатырланып атса, аягы кыйроого барабы? Мындай кыйчалышта университетти сактап калуу үчүн К.Карасаев атындагы БМУга кошуп, ирилештирип коюшса болбойбу? Бул демилгени колдогон окумуштуулар да чыгууда. Эң башкысы, ырааттуу түрдө талдоо жүргүзүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүү зарыл. Эгерде К.Карасаев атындагы БМУнун карамагына КМУ өтсө, ар тарабынан пайдалуу жана туура болмок. Ал эми ички структурасын, системаны ылайыкташтыруу, ыкка салуу бат эле да. "Азия Ньюс" гезити











