Дагы кайсы эки партия марага жетпей калды?
«Тартип-Порядок» жана “Нур” саясый партиялары 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартып, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгын КР БШКсына билдирди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КР Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-августтагы жыйынында бул эки партиянын билдирүүсүн карап, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен аны эске алуу чечимин кабыл алды.
“Тартип-Порядок” жана “Нур” саясый партияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын катталуу күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды.