Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мага бирөөнүн аялдары “катыныңды тый, эрим менен жүрөт” деп жазышып...

Мага бирөөнүн аялдары “катыныңды тый, эрим менен жүрөт” деп жазышып...

06-февраль, 13:54
4 431 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен 2017-жылы үйлөндүм эле. Аялым туура эмес иштерди кылып жүргөн экен. Төрөгөндөн кийинки 1 айда баары билинди. Мага бирөөлөрдүн аялдары жаза башташты. “Катыныңды тый, эрим менен жүрөт. Балдарымды жетим калтырып жатат” дешип. Төбө чачым тик турду. 

“Жүрсөң да бойдоктор менен жүрбөйсүңбү?” деп аялым менен урушуп кеттик. Эшикке үйгө кийген кийимдери менен чыгып кеткен, ошол бойдон келбей койду. Баланы таштаган боюнча кетти. Кичине баланы багыш оор болду. Үйүнө "баланы ал" деп барсак албай коюшту. "Детдомго тапшырып сал" деди. Албай койду. Жалгыз багып келе жатам. 2 жыл үйдөн чыкпай карадым, азыр нянка кыз карайт. Өзүм иштейм. Азыркы ишим эптемей. Тапканымды нянкага берем, азык-түлүк, квартира ушинтип эле араң жеткизем. Өзүм 24 жаштамын. Атам, карындаштарым эле жардам бербесе, апам жардам бербейт. Апам "баланы жоготосуң, анан киресиң үйгө" деген. Үйгө да бара албайм, аларды деле сагындым, жашоонун бир бурчуна келип калгандай эле болуп жатам. Балам өзү сонун, акылдуу, сезимтал. Адамдан чоочуркабайт. Кыйналдым. Иштеп бутка туруп, жакшы жашагым келет. Ошондуктан балама мээримдүү апа издейм, үйлөнсөм, баламды аялым караса, мага иштегенге убакыт да болмок. Очор-бачар болуп, бактыбыз да ачылып кетсе...


Айдар

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер