Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Перизат Суранова, активист: “Актыгыбызды, күнөөсүз экенибизди далилдеш үчүн ачыктыкты талап кылуудабыз”

Перизат Суранова, активист: “Актыгыбызды, күнөөсүз экенибизди далилдеш үчүн ачыктыкты талап кылуудабыз”

16-октябрь, 19:30
654 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Перизат карындашым, “кемпирабадчылардын” катарында сен да барсың. Сага кандай күнөөлөр коюлду?

-- Мага карата эки берене коюлган. Биринчиси, 278-берене (“массалык башаламандык уюштуруу”) жана 326-берене (“бийликти күч менен басып алуу”). Тергөөдө далил катары бир эле экспертизанын жыйынтыгын карманышкан. Бир нече экспертизалар жүргүзүлдү: техникалык, политологиялык, лингвистикалык жана башка. Алардын ичинен бир гана Жанышбек уулу Азамат жасаган 7 суроого жооп берген политологиялык экспертиза бизди күнөөлөп жатат. Политологиялык экспертиза болсо менин эки жарым жылдын ичинде Фейсбук баракчамда чыгарган 11 посттун негизинде жасалган. Алардын көпчүлүгү сөз эркиндигине, жарандык коом, башкаруу системасына жана Кемпир-Абад маселесине таандык.

-- Иштин сотко өткөнүнө канча убакыт болду? 

-- Иштин сотко өткөнүнө бир нече ай болду. Бирок, негизги маселе боюнча сот баштала элек. Актыгыбызды, күнөөсүз экенибизди далилдеш үчүн ачыктыкты талап кылуудабыз. Анткени, кылмыш ишинде күнөөбүздү тастыктаган эч кандай далил жок, ошондуктан тергөө өз күнөөсүн бекитиш, далилдеш үчүн ишти "жабык" кылып койгон. Сот ачык болушу абдан маанилүү, коомчулук, массалык маалымат каражаттары, туугандарыбыз катышууга, маалымат алууга толук укуктуу.

-- Учурда сот иштери кантип атат? 

-- Бүгүнкү күндө соттун чечими менен Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта жаткан 11 кишини сотко катыштырбай эле сот процесси жүрүүдө. Алардын четтетилүүсү негизинен ачык сот талап кылгандыгына байланыштуу болуп атат.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер