Акыркы кабарлар
» Саясат » Мелис Мырзакматов шайлоодо утулуп калып, долулана бергени уят да!
Мелис Мырзакматов шайлоодо утулуп калып, долулана бергени уят да!
06-декабрь, 18:01

“Улуттар Биримдиги” партиясы 5 пайыздык босого чекке жетмек турсун караандабай калганына баарыбыз күбөбүз. Кызык. Лидери Мелис Мырзакматов “дүйнөнү таңгалдырган ыплас шайлоо өттү” деп бакылдай баштады. Кичине окшоштуруп сүйлөбөйбү? Догурунуп, асманды карай “аңгырай” бергени уят! Эгерде “Улуттар Биримдиги” астыңкы катардагы атаандашкан партиялар менен итжыгылыш болуп, анан тизмеден четтеп калса бир жөн. “Калыстык эмес, күрөшүш керек” демекпиз. А азыркы жагдай башка. Тийешелүү деңгээлдеги колдоого алынбай калды. Курулай эле “кара баатыр” долуланып, бир беткей бийликти жамандоого, баткак чачыратууга өтүп алды. Келтире жооп алат го? Эмгиче Камчыбек Ташиевдин “учётуна” илинсе керек...
"Азия Ньюс" гезити