Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пайгамбарына даттанган Мыктыбек Арстанбек умрадан келсе оңбой калчудай...

Пайгамбарына даттанган Мыктыбек Арстанбек умрадан келсе оңбой калчудай...

31-декабрь, 09:30
1 262 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убагында шоумен, алпаруучу, жеңил-желпи журналист катары таанылган Мыктыбек Арстанбек кийин ашынган динчил катары чыга келди. Молдолук ишин мечитинде кыла бербей, акыркы кездери саясатка талпынып, өткөн шайлоодо “Азаттык” партиясы менен аламанга да аттанды. Үйгүшкөн тобу менен өтпөй калышып, тынчыбай жатышканы ырас. Өткөндө умрага барып, тилин чайнап сүйлөп атат. “Биз пайгамбарыбызга даттанабыз, Бактыбек Калмаматовду аэропорттон кармап калышты” деп бийликке акаарат келтирип, сакалын сербеңдете зирпилдейт. Ичинде радикалдуу диний бузукулуктары былгып жатканын ким билсин (?), айтор, буркан-шаркан түшчүдөй кебетеси бар... Андан көп өтпөй “Бул постту эстеп алгыла: акчаны жыйып Кытайга качат” деп Фейсбуктагы баракчасына “балп” эттирди. Жаман оюнда президентти ачык шыбай албай, каймана иретинде былжырап жатканы ушулбуПосту аркылуу тарапташтарына, динчилдерге Садыр Жапаровду жамандатканга шарт түзүп берип, зили бузуку экенин көрсөттүбүМындай молдонун саясатка аралашканы, коомго коркунуч жарата баштаганы өкүнүчтүү! Эмне үчүн укук коргоо органдары унчукпай отурушатМыйзамга ылайык баа берилеби? Же талибан тектүүлөр, радикал динчилдир хаос жаратышканда гана ойгоносуңарбыАнда кеч болуп калат го? Эркизден баш чайкайсың...

Кызыгы, соңку аракеттерден алганда, кыраакы төбөлдүн жинине тийгени үчүн оңбой калчудай болуп атыптыр. Көрө жаталы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер