Каныбек Осмоналиев: “Эми иш кагаздары алгач кыргыз тилинде жазылат”

Мамлекетти тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы менен маек.
-- Агай, мамлекеттик тил күнүнө саналуу күндөр калды. Былтыркы жылга салыштырмалуу тил күнүнө карата кандай ийгиликтер менен баратабыз?
-- Мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Биринчи кезекте тилге коюлган заман чакырыктарына жооп бере ала турган жаңы конституциялык мыйзам кабыл алынды. Өтө катуу талаш-тартыштар болду. Азыр 40 беренеден турган мыйзамыбыз чечкиндүү түрдө өз вазийпасын аткарууга киришти. Анын негизги талаптары болуп, баардык муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүүсү эсептелет. Эми иш кагаздары алгач кыргыз тилинде жазылат, анан гана зарылдыгына жараша, мыйзам чегинде башка тилдерге которулуусу мүмкүн. Кайсы кызматчылар мамлекеттик тилди билүүлөрү зарыл экендигин айгинелеген тизме кирди. Кыргыз тилинин лингвистикалык корпусун түзүүгө кириштик. Электрондук энциклопедия түзүлө баштады. Википедиянын кыргыз тилиндеги макалаларынын санын 200 миңге жеткирүү милдети турат жана бул жумуш дагы башталды. Терминкомдун иши жанданды. Кыргыз тилин жасалма интеллектке жалгаштырып жатабыз. Үндү текстке жана текстти үнгө айландыруу иштери аяктап калды. Азыр семантикалык анализ жүргүзүлүп, синтез иши башталды. Компьютердик лингвистика жанданып жатат. Бир жумадан кийин Бишкекте эл аралык түрк тилдүү элдердин тил форумун уюштурабыз. Бул илимий жыйынга 300гө жакын делегат катышат. Бир жыл бою баш көтөрбөй эле иштеп келдик. Алдыда көптөгөн пландарыбыз бар!