Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 30 жаш улуу байке ресторанга чакырып, колумду сурады

30 жаш улуу байке ресторанга чакырып, колумду сурады

15-сентябрь, 12:35
2 891 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир жыл мурун мен биринчи сүйүүм менен ажыраштым. Андан кийин өзүмдү аябай жаман сезип, оор абалда жүрдүм. 

Жогорку окуу жайлардын биринде окуйм, жакшынакай эле кызмын, ата-энем жакшы тарбия берген. Анан бир күнү мен курбуларым менен бир конференцияга катышып калдым. Ал жерден бир байке мени жактырып калды, колунда бар адам экен. Көп өтпөй ал менин номеримди таап, чала баштады. Экөөбүз жолугуп калдык, ал мага күндө белек бере баштады: Айфон 11 үлгүсүндөгү телефон, квартира, машина, гүл... кыскасы, мен  өзүмдү бактылуу сездим. Эки жумадан кийин ал мени ресторанга чакырып, колумду сурады. Аны сүйбөсөм да макул болуп, турмушка чыктым. Өзүмдү канчалык бактылуу сезүүгө аракет кылбайын, алты айдан кийин капаска кабылган бактысыз аял экенимди сездим. Мурда сүйлөшүп жүргөн жигитиме болгон кусам күчөдү. Күйөөмдүн тамактангандан тартып, салаңдаган курсагынан бери мага жийиркеничтүү сезиле баштады. Ал канчалык көзүмдү карабасын, андан алыстоого аракет кылам. Айласын таап, күйөөм жумушта болгондо жигитим менен жолугуша баштадым. Экөөбүздүн мамилебиз тереңдеп баратат. Бирок мен күйөөмдөн баш тарткан күндө да, ал жигитим мени тандабасын билем. Азыр туура эмес кадам таштап алганыма өкүнүп, бармагымды кесе тиштеп отурам.

Айдай
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер