Урушпай тынч ажырашкан да азап экен...


Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп эле баш кошконбуз. Он бир жыл бирге өмүр сүрдүк. Бул жылдарда биз чоң урушка жетпедик. Бири-бирибизди жаман сөздөр менен кордогон жокпуз. Баары тынч, акырын гана жыйналып, эки жолго түштүк. Кээде дал ушундай тынчтык менен ажырашуу андан да оор сезилет экен.
Бир да жолу төркүнүмдү ызы-чууга чакырган жокмун. Алар биздин үйгө той-аш, жакшылыкка гана келишчү. Кудалар да бири-бирин дайыма сыйлап турушту. Кайын эже, кайын сиңди, кайын ага, кайни, абысындар менен да бир да жолу түшүнбөстүк болгон эмес. Тескерисинче, сый-урмат, жылуу мамиле сакталды. Азыр мен ал үйдөн кеткениме карабай, алар мени жакшылыкка сөзсүз чакырышат: «Кел, сен бизге бөтөн эмессиң» дешет. Бирок мен барбайм. Кантип барам?
Ошентсе да кайын сиңдилерим, кайнилерим, абысындарым менен байланышым үзүлгөн жок. Кээде сүйлөшүп, жолугуп калабыз. Анткени алар менен менин жаштыгым, жакшы күндөрүм, үмүттөрүм калды. Ошол жылдарды, ошол адамдарды оңой эле өчүрүп салууга болбойт экен.
Кээде өзүмө суроо берем. Мен аларды коё бербей жатамбы, же алар мени унута албай жатышабы? Бул байланыш экөөбүздү тең алдыга жылдырбай, тескерисинче, өткөнгө байлап турган жокпу?
Бир гана нерсени так билем. Жолдошум менен кайра бирге жашоого жол жок. Ал барак жабылган. Бирок анын артында калган адамдар, мамилелер, эскерүүлөр менен эмне кылыш керек? Мына ушул суроо мени ойлондурат. Ошондуктан жашоодон көптү көргөн айымдардан кеңеш сурайм. Ушундай учурда байланышты акырын үзгөн туурабы, же сый-урматты сактап, бирок аралыкты так белгилөө жетиштүүбү?
Алия











