Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чубак ажынын №1 авторитет экенин эмнеден билдик?

Чубак ажынын №1 авторитет экенин эмнеден билдик?

13-июль, 13:55
4 124 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аалым Чубак ажы Жалилов каза болор замат саясатчы Адиль Турдукулов Фейсбуктагы баракчасына берегидей пост жазган:

Бүгүнкү Кыргызстан, чыныгы авторитеттерге муктаж. Көр дүйнөнүн азгырыктарына карабай чындыкты айткан инсандардын сөзү аба менен суудай керек. Чабал, куйту бийликтин фонунда, элибиз моралдык лидерликти издейт. Ошондой алп адамдардын бири Чубак ажы болчу... Ал диний маселелер менен чектелбестен жашообуздун эң көйгөйлүү, талаштуу жагдайлары боюнча өзүнүн так, керек болсо новатардык позициясы бар болчу. Элге радикалдык эмес, туура, мамлекетти алдыга сүрөй турган жолду көрсөткөн ажыке эле... Ошол эле учурда Чубак ажы башка адамдардын оюна кошулбаса да, дайыма угууга, сүйлөшүүгө ынтызар эле...Үлгүлүү аалым кандай болуш керек экенин баардыгыбызга көрсөтүп кетти. Эбегейсиз, чоң жоготуу баарыбыз үчүн!

Жаткан жери жайлуу болсун...” 

Мезгил өзү көрсөттү. Эл ичинде чын эле Чубак ажыга тең келе турган авторитет, кадырлуу адам жок экен. Вирус күчөп турганына карабай, анын жаназасына 20 миңдей адам катышты. Жакынкы тарыхыбызда мынчалык адамдардын чогулганы болбоптур. Эгерде жай турмуш убагы болсо, балким 100 миңдеген адамдар топтолмок. Муну менен эмнени билип атабыз? Албетте, эл сүймөнчүгү болгон уулунан, о.э. эң авторитеттүү лидеринен ажырады...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер