Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мөлтүрөгөн кошуна келиндин диваны түшүмө да кирчү болду

Мөлтүрөгөн кошуна келиндин диваны түшүмө да кирчү болду

19-декабрь, 17:11
1 656 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эссе)

Кырк жаштан ашканда чоң сүйүү келет тура. Кошуна келинди жактырып калып, экөөбүз башта жылуу учурашып жүргөнбүз. Анан баары күтүүсүз башталды. Аз күн мурун жолугушуп, сампарлап жааган карда сейилдеп, кофе ичип отурдук. Ушул учурда анын сүйкүмдүү көздөрү огобетер жүрөктү элжиретти. “Үйдө жалгызсыңбы?” дедим. “Ооба” деп баш ийкеди. “Конокко чакырасыңбы?” деген мүнөздө догурунуп эле айттым. Ал ууртунан бүлк этти. Ичимен жымылдай түштүм.

Ошентип, кафеден кийин мөлтүрөгөн Нурзаданын үйүнө бардым. Эшиктен киргенде эле өбүшө кеттик. Чоктой кызыл эриндери денемди дүркүрөтүп, биз түз эле диванды көздөй бой таштадык... Мындай керемет сезимге көптөн бери кабыла элек элем. Нурзада аялзатынан башкача оттой ысык, сыйкырдуу сезимин тартуулады. Биз көпкө дейре чырмалышып жаттык... Бул күндөн тарта аялыма көңүлүм чаппай калды. Оюмдун баары эле кошуна келинге бурулат. Анын диваны түшүмө да кирчү болду. Нурзада биз жашаган батирден эки кабат өйдө турат. Кечинде да барып, чалкыган махабат деңизине бой таштайм го... 

Менин бактылуу күндөрүм ушинтип башталды. Он жети жылдан бери аялым менен жашап, ушунчалык ысык сүйүүгө кабылган эмесмин. Эми тынч эле ажырашып, Нурзаданын үйүнө кетет окшойм. Бир келген жашоодогу чын сүйүү ушунчалык таттуу тура...


Калемгер

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер