Бакиев менен Конгантиевдин аты өчүрүлдү
Үстүбүздөгү жылдын 8-августундагы Ноокен айыл аймагынын Курулуш айылындагы Курулуш 3 участкасына Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө токтом чыгып, бир көчөнүн аты берилген.
Кечээ, 11-ноябрда Ноокен айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө № 4 токтом жокко чыгарылды. Айылдык кеңешке Курманбек Бакиевдин ысымы негизсиз ыйгарылганы тууралуу айрым жергиликтүү тургундар кайрылган.
9-ноябрда Ноокен районунун Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты коюлганы белгилүү болгон.
Ал эми ушул сыяктуу дагы бир көчө кайра калыбына келди. ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы да Чүйдүн Көк-Жар айылындагы көчөлөрүнүн бирине коюлган эле. Бирок коомдук активисттер Конгантиевдин ысымын ыйгарган чечимдин жокко чыгарылышын талап кылышкан. Конгантиев аталышындагы көчөнүн аты да жокко чыгарылды.