Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улугбек ОРМОНОВ, “Бир Бол” фракциясынан ЖК депутаты: “100 миллион долларга 100 мектеп салабыз” деп жалпы коомчулукту алдаганбыз”

Улугбек ОРМОНОВ, “Бир Бол” фракциясынан ЖК депутаты: “100 миллион долларга 100 мектеп салабыз” деп жалпы коомчулукту алдаганбыз”

07-октябрь, 11:03
499 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улугбек Зулпукарович, өкмөт комитеттин тапшырмаларын көп учурларда аткарбай коюп жатканын айттыңыз. Анын себеби эмнеде, тоготпогондукпу же башка себептери барбы?

-- Биз 2018-жылдын бюджетин кабыл алып жатканда аны комитетте талкуулап, өкмөткө сунуштарды бергенбиз. Ошол сунуштардын бири дагы аткарылган эмес. Эмне үчүн аткарылбады? Жообун да берген жок. Мен ошон үчүн айттым. Эгер өкмөт биздин сунуштарды аткарбаса, комитетте бюджетти карагандын эмне кереги бар? Эгер ал сунуштар четке кагылган болсо, “биз аткара албайбыз, себеби момундай, бюджет тартыш, же башка нерсе себеп” деп ага да негиздеме болушу керек. Мисалы, транспорт министрлиги боюнча булар ишканаларга 490 миллион сом карыз болуп калышкан. Алардын кызматын пайдаланып, бирок, акысын төлөй албай жүрүшөт. Бизде менчик асфальт-бетон заводдору бар. Алар өз каражатын жумшап, өз техникасы менен иштеп жатышат. Ал эми өкмөт, анын ичинде транспорт министрлиги төлөй албай калып жатат. Биз бул боюнча тапшырма бердик эле, тилекке каршы, ал аткарылган жок. Албетте, бюджетте каражат жок болсо аткарылышы кыйын. Бирок, ошого так жооп берилиши керек эле.

-- Саудиядан келген 27 миллион доллар кредит бюджеттин тартыштыгын жабууга жумшалганы чын бекен?

-- Мен айттым, “ушундай маалымат социалдык тармактарда берилүүдө, ага эмне үчүн жооп бербейсиздер?” дедим. Биринчиден, 27 миллион эмес, 30 миллион доллар. Бул маалымат “Де-факто” гезитинде пайда болду. Бирок, негизи андай эмес. Демек, биздин курулуш тармагын жетектеген кишилер ага так жооп берип коюулары керек. Болбосо кошумча суроолор пайда болуп, “саманкана өрттөнүптүр” десе, “Самарканд өрттөнүптүр” деген сөздөр кетет. Коомчулукта тескери ой-пикирлер пайда болот.

-- Бирок, буга чейин ошондой прецедент болгон турбайбы? Жерүйдүн акчасын мектепке иштетип ийишкенин өзүңүз айттыңыз.

-- Ооба, чындыганда “Жерүйдүн акчасына, 100 миллион долларга 100 мектеп салабыз” деп жалпы коомчулукту алдаганбыз. Мектептерди баштап алып, акчасын бербей койгонбуз. Ар райондон мектептер кирген, 5-10 миллиондон берип туруп, кийин берей коюшту дагы, калганын бюджеттен бере башташты. Ошон үчүн курулуш тармагынын жетекчилери так жооп берүүлөрү тийиш. Азыр акча кайсы жерде, кайсы банкта, курулуш качан башталат?..

-- Сиз транспорт жана курулуш комитетинин мүчөсү катары Чаек айылынын тургундарынын кайрылуусуна эмне дейсиз? 1 сантиметр калыңдыктагы асфальт төшөлгөнү техникалык нормаларга туура келеби?

-- Андай болушу мүмкүн эмес. Эгер чындап эле ошондой болсо, андай жолду салган ишкананын же ДЭУнун жетекчисин жоопко тартыш керек. Муну текшерүү кажет. Себеби, кээде жолдун чет жерин ченеп деле айта бериши мүмкүн. Өзү ортосунан ченелет да.


Керим МУРАС

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер