Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келдибек Ниязов: “Пивнушкадан Мидин менен Райканды таштай качкан Асек Жумабаев”

Келдибек Ниязов: “Пивнушкадан Мидин менен Райканды таштай качкан Асек Жумабаев”

05-февраль, 21:54
6 750 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Келдибек байкеден бу жолу кыргызга аттын кашкасындай таанымал Асек Жумабаевдин эскерүүсүндөгү Мидин Алыбаевдин жоруктарынан сурап калдым. Эл ичи өнөр кенчи эмеспи, залкарлардын жорук-жосундарын билгендер болсо, биз менен байланышкыла, гезит бетинен орун берүүгө даярбыз.   

-- Айтылуу ырчы Асек Жумабаев агабыз опера жана балет театрынан пенсияга чыгып, филармониянын алдындагы студияда вокалдан сабак берип калды. Күн сайын көрүшөбүз. Бир күнү “Асек байке, Мидин менен Райканды жакшы эле көрүп калдыңызбы?” десем, “көрмөк тургай, кешиктерин ичип, ичмек тургай шимип калбадымбы. Мидин менен Ракедей болобу! Залкарлар эле. Бир келген таланттар болчу. Келдибек иним, мынча болду, сага Мидин экөөбүздүн башыбыздан өткөн бир окуяны айтып берейин” деди. А мен сиздерге эсимде калганын божурайын.

Асек байке нота билбесе да үнүн жактырышып, опера-балетке жумушка алышат. Кашайып жумушка алган күнү театрдын жамааты отпускеге чыгып кетет. Анан Асек байке айылына Нарынга кетип калат. Отпускенин убактысы да бүтөт. Фрунзеге жөнөйт. Ал убакта машине тартыш болгондуктан, арабага бир козуну тирүүлөй, каймак-май, курут ж.б. айылдык азыктарды алып, Кара-Үңкүргө келет. Ал учурда Долон белинин аркы бетинде уран кени чыгып, ошолордун машинелерине илешип Фрунзеге келмек болот. Жаңы эле арабадан жүктөрүн түшүрүп атса, Мидин Алыбаев жолугуп калат. Асек байке Мидикеме опера-балетке жумушка орношконун, эми ошол жакка кетип атканын айтат. Анда Мидикем “Асек, сен жиндисиңби, ким эле отпуске бүтөрү менен ишке киришсин. Жумуш бери дегенде үч жумадан кийин кызыйт. Андан көрө мени менен Соң-Көлгө жүрү, бир аз тыйын-тыпырга иштеп келели” дейт. Асек байкем арабадагы жүктөрүн ошол жердеги уран казып аткан жумушчулардын бригадирине тапшырып, Мидин менен Соң-Көлгө башына каска, бутуна 45 размер кирзовый өтүк, үстүнө майланышкан фуфайке кийип кетип калат. Соң-Көлдө Мидин байкем аябай сый экен. Барган жеринде ырларын окуп берет. Кээ бир эркектер гана бар жерде “Эшек дептериндеги” ырларын айтып күлдүрөт. Асек байке болсо Мусанын, Боогачынын ырларынан созот. Акысына малчылар ирик, сары май, курут, талкан, ун жана куйкаланган керчөөлөрдү беришет. Ошентип ал жакта эки жума бирге жүрүп калат. Жалпы жонунан чогулган 23 ирик, эки фляга сары май, 5-6 баштык курут, 30дан ашык куйкаланган керчөөлөрдү алышып, Кара-Үңкүргө түшүп келишет. Ал жерден ириктерди пулдап, эки фляга сары майды, талкан, ундарды жумушчуларга бекер берип, Мидин байкем Асек байкемди “мобу акчага 2-3 ай иштебей койсоң деле жетет” деп Фрунзеге жөнөтүп ийет. Келери менен кошуналарына эт салып, бир аз тойлоп, эртеси кебетесин оңдоп, опера-балетке жумушка келет. Кире берген жерде вахтер Асек байкеме дубалдагы директордун приказын окутат. “Асек Жумабаев 20 күн жумушка чыкпагандыктан сөгүш жарыяланып, жумуштан айдалды” деп турган болот. Эмне кыларын билбей дагы бир жума бош жүрүп калат. Бир күнү “Фрунзеге Мидин келиптир” деп эл уу-дуу боло түшөт. Сураштырып, издеп жүрүп Мидинге жолугат. “Мидике, мага сөгүш жарыялап, жумуштан кыскартып салыптыр, бирдеме кыл” деп ыйлап жиберген экен. Мидикем сооротуп, “эртең опера-балетке кел, саат ондон кечикпе” дейт. Асек байке эртеси тогуз жарымда барат. Аңгыча театрдан бирөө чыгып, “Асек Жумабаев сизби, директорго кириңиз” дейт. Ал убакта директорлор орус же еврей улутундагылар болчу. Акырын эшигин ачып кирсе Мидин отурган болот. Мен келгиче директорго кирип, “биз Борбордук Комитеттин чечими менен малчыларга агитпункт уюштуруп, концерт берип жүрдүк. Сиз бул чечимге каршы чыгып, Асек Жумабаевге сөгүш жарыялап, атүгүл жумуштан алып коюптурсуз. Биз бул боюнча ЦКга кайрылабыз да, сизди жумуштан алууну суранабыз. Өкмөт менен партиянын чечимдерине каршы экенсиз. Эгер жумуштан кол жууганды каалабасаңыз, Асек Жумабаевге чыккан приказды жокко чыгарыңыз” дептир. Муну уккан директор өң-алеттен кетип, кайпалактап калган экен. Ошентип Асек Жумабаев агабызды жумушка алат да, ошо жерден кассирди чакыртып аванс бердириптир. Театрдан чыгып алып, экөө жумушту “майламак” болуп, азыркы Ош базарынын чыгыш капталында “Совет базары” деген пивнушкага келишет. Райкан Шүкүрбеков да ошол жерде экен. Эки залкар жолугары менен Райкан Мидинге “мен Таласка бир жумага кетип атам, мени менен барып келбейсиңби” десе, Мидикем Асек байкени көргөзүп, “мобу дейдини ээрчитип кете бер” дейт. Асек байке ошол жерден жүрөгү түшүп “жок, мен жумуштамын, колум бошобойт” деп куюлган пивосун таштай качыптыр. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер