Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн Райым Матраимов Баткенге эки завод, кичирайон курбай калган?

Эмне үчүн Райым Матраимов Баткенге эки завод, кичирайон курбай калган?

19-август, 12:40
2 086 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдунун учунан ары жагын көрө албаган Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда Райым Матраимовду Баткен облусуна губернатор кылуудан баш тартканын билесиңерби? Баягы эле кызганыч, ичтардык тура. Бул боюнча бизге ишенимдүү булактар бүйүр кызыткан кептен салды. Эгерде Райым Матраимов Баткен облусунун жетекчилигине дайындалса, инвестор тартуу менен эки завод жана кичирайон курмак экен. Бул долбоордун ишке ашуусу аныкталып калганда, Сооронбай Жээнбековдун чечкинсиздиги, алысты көрө албаган кыянаттыгы кедерин тийгизиптир. Туй ата! Ошондо Райым Матраимовду Баткенге губернатор кылып койгондо, эмгиче ири инвестициянын алкагында эки завод, кичирайондун курулуш иштери бүтүп калмак. Жергиликтүү тургундар чек ара аймагынан качпай (жумушсуздуктун айынан), тескерисинче, облустун экономикалык-социалдык абалы оңолуп, элдин жашоо шарты кадимкидей жанданмак. Бул маалыматты уккандан кийин эмнеге биз күйүп атабыз? Себеби, алгылыктуу саамалыктарды жүзөгө ашыруу үчүн баардык мезгилде татыктууну тандай билүү шарт. Ишбилги адамды мамлекет үчүн пайдалануу элибиздин турмушун оңдогонго гана багытталат эмеспи. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер