Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бизге партиялык-парламенттик башкаруу али эрте экенин турмуш көргөздү

Бизге партиялык-парламенттик башкаруу али эрте экенин турмуш көргөздү

29-ноябрь, 11:44
1 345 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Демократия деп эгемендик алгандан бери (отуз жылдын жүзү болсо да) итий менен ооруган баладай болуп мантыкпай келебиз. Туура, демократиянын жакшы жактары да бар, бирок биз аны укугубузду эле билип, жоопкерчилигибизди унутта калтырып, ахлократия кылып пайдалануудабыз. Биз менен эгемендикти теӊ алган коңшу өлкөлөр бери дегенде 20 жылдай, ары дегенде 30-40 жылдай алдыга кетишти. Булар бизчилеп Конституциясына партиялык парламентаризимге өтө коёбуз деп эксперимент жасабай эле, өткөөл кырдаалда президенттик башкаруу институтунан жакшы жана ийкемдүү башкаруу жок экенин билип, бизге караганда экономикасын жаӊы технология, инновацияларды киргизип, эӊ сонун жашап жатышат. А биз алиге чейин ошол авторитардык деген өлкөлөрдөн карыз сурап, “жардам берип койгулачы, очорулуп турбай калдык?..” деп, уятты сыйырып салып Кудай сурап жүрбөйбүзбү, же жалганбы? Мындай чакчелекей башкаруу 30 жылда бизди тунгуюкка кептеп койду. Айтайын дегеним, бизге партиялык-парламенттик башкаруу али эрте экенин көргөздү, “казды туурайм деп карганын буту сыныптыр” дегендей эле болдук го... 

Биз Европаны, Түштүк Кореяны, Японияны жана Чыгыш Азиядагы бир топ мамлекеттерди эӊсеп келебиз, атургай эмне иш болсо эле ошолорду мисал кылгандан тажабайбыз. Алардын интеллектуалдык жашоо шартына теӊелгенде гана партиялык-парламенттик өлкөнү курса болоруна көзүбүз жетип турса дагы, болбой эле 2010-жылы Текебаев, Атамбаев, Отунбаева жана дагы 11 мүчөсү  башында турган Убактылуу өкмөттөгүлөр шашып-бушуп (кырдаал курч болуп турганына карабай), “жаӊы Конституция кабыл ала коёлу” деп Ош коогалаӊы толук бүтүп-бүтпөй, жалпы эл кан жутуп турган чакта (27-июнда) партиялык системаны референдумга коё коюп, өткөрүп алышканга жетишкен. Анда да азыркы эле Токтайым Үмөталиева “ой, бул Текебаев баш болгондор биз берген алымча-кошумчаларды көзүбүзчө киргизген болуп, кийин таптакыр башка Конституцияны кабыл алдыртышты” деп чыркырап чыгышканы күнү бүгүнкүдөй элдин эсинде. Элге күйүмүш болгон ошол эле Текебаев, Отунбаева, Кулов, Иманалиев, Ошурахунова, Кадырбеков, Эркебаев, Калмаматов, Момбеков, Асанов, Масалиев, Оторбаев, Карасартова жана башкалары да айгай салып, жер тепкилешип, “президенттик өлкө болуп калсак, дүйнө жүзү биз менен кызматташпай далысын салып, алтургай Батыш өлкөлөрү бизге карыз бербей, күнүбүздү шорподой кайнатат” таризинде ач кыйкырык, куу сүрөөн кылышып, кандай гана айла-амал болсо дагы эптеп элдин жүзүн буруунун аракетинде элди митингге алып чыгууда.  Бирок эл булар ойлогондой келесоо эмес да. Аларды эми эл ээрчибесин түшүнүп, жакшы жашоо, мамлекет эсебинен байлык топтоо, эч кимиси эч нерсеге жооп бербеген заман бүтүп, жооп берчү мезгил жакындап келатканын түшүнүп, радикалдуу кадамдарды жасагандан да кайра тартпай турган болуп калды. 

Суроо туулат: жанагы тамагы айрылганча “партиялык башкаруу” деген шайкаларга “элди 10 жылдан бери жакшы жашоого жеткизип багып койсоӊор, анда эмне үчүн мурунку союздагы өлкөлөрдүн ичинен баардык жагынан артта калып отурабыз? Айгайлап жатышкан Текебаев, Отунбаева, Куловдор, айткылачы, бийликтин камчысын жакшы эле чаап, эт менен челдин ортосунда жүргөнүңөр калппы? Ички мүмкүнчүлүктү таап, өлкөнү экономикалык жактан кубаттуу кылуунун жолун издешпей, элди жалаӊ сырттан карыз сурамай менен багып келишти. Мына ушунун кесепетинен өлкөбүз 42 миллиард сомго таңсык болуп отурат. Бул кризис кечээ эле пайда боло калдыбы? Жок, силер айткан жарга такалганыбызга эми кимиңер жооп бересиӊер? Элдин 90-95 пайызы “өкмөт башчы деген орунду жоюп, президент өзү аткаруу бийлигинин башында турганы жакшы” деп үмүт артып турушат. Себеби, ошончолук элге жоопкер болорун белгилеп жатышат. 

Кийинки дагы бир орчундуу маселе, биз, кыргыз эли “депутат” деген түшүнүктү “роскош” кылып алдык. Булар кол тийбестикти жана башка толгон жеӊилдиктерди алышып, бирөө да кылган ишине жана баскан кнопкасына жооп беришпеди. Анткени, текебаевдер элди ойлобой, мыйзамды бир гана өздөрү үчүн жазышканы эми билинип отурат. Биз эми Жогорку Кеӊеш дегенди жөн гана “мыйзам чыгаруучу депутаттык палата” деп 45-55тен ашпаган бир гана мыйзам чыгаруу менен алектенген корпусту түзгөнүбүз оӊ болчудай. Ал эми элдик курултай деген институт элдин тереӊ катмарына чейин дагы жакшы талкууланып, анан алып чыгуучу маселе экен. Келечекте бул институт президентти баш кылып, соттун, прокуратуранын, мыйзам чыгаруу палатасынын жана аткаруучу бийликтегилердин отчетун алып, чечим кабыл алып жаткандан кийин “жети өлчөп, бир кесели”, туугандар.    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер