Акыркы кабарлар
» Саясат » Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев Башкы прокуратура менен соттошот
Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев Башкы прокуратура менен соттошот
14-ноябрь, 12:34
497 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев Башкы прокуратураны сотко берди.
Бул туурасында КСДП партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков «Фейсбук» баракчасына доо-арызга Башкы прокуратуранын пресс-релизи себеп болду деп жазды.
Башкы прокуратура мурунку президентке карата козголгон кылмыш иштеринин алкагында Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарынын мүлкүн, активдерин жана мекемелерин текшерилет деп билдирген.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, 2015-жылдан бери «Автомаш-Энерго» ЖЧКда бир дагы жолу салыктык текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Мындан тышкары фирманын жетекчилиги салык органдарына керектүү документтерди көргөзүүдөн баш тартып келет.
Aryba.kg