Акыркы кабарлар
» Жанирмем » “Кайненем 3 балам менен бизди кетирип, башканы тапты”
“Кайненем 3 балам менен бизди кетирип, башканы тапты”
01-июнь, 11:56


Мен 34 жаштамын. Удаа төрөлгөн үч балам бар. Анан эле кайненем жолдошума эжесинин кызын алып берип, уулун кыйнап эле мага талак бердирди. Негизи күйөөм апасынын сөзүн чыкпайт, түшүнөсүнөр да. Азыр аябай кыйналып жүрөм. Ресторанда идиш жууп иштейм, балдарым түнү уктап калган маалда келем. Акысына 500 сом алам. Күйөөмөн эч жардам жок. Азыр айлам кетип жатат, эмне кылсам, кеңеш бериңиздерчи?..
Зуура











