Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирбек Асангариев: “Биздин ишкерлер жакшы шарт издеп Казакстанга кетип жатышат”

Мирбек Асангариев: “Биздин ишкерлер жакшы шарт издеп Казакстанга кетип жатышат”

04-май, 20:20
957 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Экономикабызды өзгөртүүгө, көтөрүүгө ишкерлердин салымы чоң. Азыркы бийликтин ишкерлерге мамилеси өзгөрдүбү?

-- Ишкерлерге жаңы бийликтин жаңыча мамилесин көрө элекмин. Экономика бизнес жааты жок өнүкпөйт да. Конкреттүү иш-чара, жаңы демилге, экономикалык программа дегенди азыркыга чейин көрө элекмин. Ачык түшүнүктүү багытты уккан жокмун. Билбейм, дагы канча убакыт керек. Бирок менимче, азыр кардиналдуу, олуттуу чараларга, шарттарга барышы керек эле. Себеп дегенде, инвестиция тартыш үчүн баардык мамлекеттер бири-бирине атаандашып турат. Казакстан бүгүнкү күндө ишкерлерге абдан жакшы шарттарды түзүп жатат. Керек болсо ишкерлер ошол жакка ооп кетишүүдө. Бизде ошону көрмөксөнгө салгандай  мамиле болууда. Биздин өзүбүздүн ишкерлер да бүгүнкү күндө Казакстанга кете башташканы жашыруун эмес. 

Азыр шарттарды жеңилдетип, ишкерлерди бапестеп карап, алар менен тез-тез жолугуп туруу учур талабы. “Жеңилдиктер керекпи? Дагы кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачып берели?” деп ал-жайларын сурап, күнүгө жолугуп тура турган жердебиз. Ишкерлерсиз жумуш орду түзүлбөйт. Салык төлөнбөйт. Өлкө өнүкпөйт. Инфраструктура оңолбойт. 

-- Бүгүнкү күндө азык-түлүк кымбаттап кетти. Өзүбүздө өндүрсө болот да? 

-- Албетте, мисалы суу майды алсак, өзүбүздө деле чыгат. Дыйкандар менен “кайсы азыктар менен өзүбүздү камсыз кыла алабыз? Кандай колдоо керек?” деп күн сайын жолугуп турчу мезгил. Бизде бюджетке булак боло тургандар жок: газ сатпайбыз, нефти сатпайбыз. Ошондуктан экономиканын негизги бөлүгүн чакан, орто бизнес түзөт. Анын көбү тейлөө кызматында. Ошол чакан, орто ишкер ээлери менен чогулуп шарт түзүп, мамлекеттик деңгээлдеги чоң стратегиялык план, стратегиялык максат керек. 

Сөзсүз түрдө ишкерлердин өлкөнүн келечегине болгон ишенимин жогорулатуу шарт. Ошондо алар жаңы долбоорлорду баштайт. Эртеңки күнгө ишеним болбосо, алар башка жакка ыңгайлуусун издеп кетет. Биринчиден, ички инвесторлорго көңүл буруп, экинчиден, эл аралык инвесторлорду тартканга аракет кылышыбыз абзел. Ички инвесторлорго карап, тышкы инвесторлор да келгиси келбейт. Тышкы инвестор келбесе технология келбейт. Алардын тажрыйбасы жок. Алардын тажрыйбасы, технологиялары, каражаттары керек. Алар келип бир нерсе чыгарып, экспорттосо валюта келет. Булар бири-бири менен тыгыз байланышкан процесстер.

-- Казинонун ачылышы, электр энергиясынын тарифинин көтөрүлүшү экономикабызга канчалык эффект берет?

-- Казино деле укмуштуудай эффект берип, биздин көп көйгөйлөрдү чече калбайт. Аны ачкан менен экономикабыздын алдыга озушуна чоң салым кошуп жиберерине деле күмөнүм бар. 

Ал эми электр энергиясын ишкерлерге кымбаттатканы да терс таасирин берет. Бул ишкерлерге дагы бир тоскоолдук. Бүгүнкү күндө биз ансыз деле электр энергиясын ала албай жатабыз. Электр энергияларга кошулуу, күчтүү киловатт алуу бизге татаал нерсе. Негизи энергетиканын көп көйгөйлөрү бар. Биринчиден, уурдоолорду токтотуп, андан кийин “каражат жетпей жатат” деп кымбаттатса, балким, эл түшүнмөк. Адегенде уурдоолорду азайтуу шарт эле. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер