Абдикарим Алимбаев менен Арзыбек Буркановдун көп былыктары чыгабы?


Кыргыз коомчулугунан кыңыр иштерди эч качан жашыра албайбыз. Бүгүн болбосо эртең, же келечекке карай баары бир ачыкталат. Ага убакыт гана керек. Акыры элдин эсебинен байыгандар оңбой калышат.
Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин кеңешчиси Талант Мамытов 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, чоң резонанс жаралды. УКМКнын маалыматы боюнча, ал көмүр кенинин ээсин опузалоо менен карактап атканы айтылат. Албетте, бул айыптоодон соң губернатор Алимбаев токтоосуз түрдө кызматынан кетиш керек эле. Тилекке каршы, актанып отурат. Өнүккөн, мыйзамдуу өлкөдө дароо жазага алынмак. Шек жаратпай...
Айрым маалыматтардан алганда, 200 миң доллар пара алып аткан Талант Мамытовдун артында “серый кардиналга” айланган Арзыбек Буркановдун турганы ыраспы? Бул эргул губернатор Абдикарим Алимбаевди кошо “минип алып”, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу менен кылмышка түрткөнбү? Реалдуу логика боюнча кеңешчи ири суммадагы жогорудагыдай акчаны ала алмак эмес. Артында таянгандары бар үчүн маселе чечип атат да, туурабы? Башынан эле Баткен облусун “менчик фирмасындай” башкарган, бүгүн “бизнес мафиясына” ээ болгон Буркановдун көп былыктары келечекке карай калкып чыгабы? Бийликтин шоруна калбайбы? Ооба, дагы көп суроолорго жооп алабыз.
Кеп төркүнүндө Абдикарим Алимбаев менен Арзыбек Буркановдун соңку жылдардагы ишмердиктерин кылдат талдоо керек. “Шибегени капка ката албайсың” дейт эмеспи. Эгерде бүгүн булар калкаланып калса, эртең баары бир жүздөрү ачылабы?
"Азия Ньюс" гезити











