Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мен бүгүн же эртең өлүп калчудай эле коркуп жатам...

Мен бүгүн же эртең өлүп калчудай эле коркуп жатам...

13-июль, 12:06
2 782 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ичимдеги бугум менен бөлүшкүм келди. Ушунчалык бук болуп, ыйлагым келип жатат. Өлүп калчудай эле коркуп жатам. Анда сөз башынан болсун. 

Мен медицина кызматкери болуп иштечүмүн. Кош бойлуу болгонума байланыштуу жумуштан чыгып кеткем. Анын үстүнө атың өчкүр таажы вирусу да башталып калды. Үйдө отурганда кошуна-колоңдор үйгө келе беришет экен, укол сайып, капельница жасап бер дешип. Жок деп айта албай эле жанталышып чуркап жөнөмөй. Ушинтип чуркап жүрүп ооруп калдым, бир жума болуп калды. Эч жыт сезбей, даам сезбей, өзүмдү сыртымдан алдап койгонум менен ичимден коркуу сезими пайда болуп жатат. Бир өзүмдөн жана баламдан коркуп турам. “Бүгүн же эртең” деп күн санап олтурам. Жолдошум "болду уколунду токтот, өзүңдү, үйдөгү балдарды ойлосоң" деп урушуп, анан токтотту, бирок кеч болуп калды. Катуу ооруп калдым...

Гүлнара

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер