Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ковиддин “Омикрон” аттуу жаңы штаммы табылды, өлүмдөр жана вакцина

Ковиддин “Омикрон” аттуу жаңы штаммы табылды, өлүмдөр жана вакцина

06-декабрь, 17:55
1 282 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда коронавируска каршы 2 млн. 733 адам вакцина алды. Анын 1 млн. 109 миңге жакыны биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады.

Кыргызстанда 1-декабрга карата 53 адамдан коронавирус аныкталды. Үч өлүм катталды. Бишкекте 17-ноябрдан баштап коронавируска каршы ревакцинация (кайталап эмдөө) башталган.

Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, адамдар борбор калаадагы баардык убактылуу эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын алса болот. Коронавируска каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын орточо жана оор иммундук жетишсиздиги бар адамдар, мурда Sinopharm, Sinovac вакциналарды сайдырган 60 жаштагы жана андан улуу адамдар алат. Азыркы тапта өлкөдө вакцинанын алты түрүн бекер алууга шарт түзүлгөн. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Түштүк Африка Республикасында коронавирустун "Омикрон" аттуу жаңы штаммы табылды. Ал организмдеги протеиндин курамына таасир бере турганы айтылууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер