Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кумаркана оюндары саякатчылар, туристтер үчүн, салыгы болсо бюджетке түшөт

Кумаркана оюндары саякатчылар, туристтер үчүн, салыгы болсо бюджетке түшөт

11-апрель, 09:00
544 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президентибиз Садыр Жапаров мамлекетибизди өнүктүрүп, экономикасы күчтүү өлкөлөрдүн катарына кошуу үчүн жан үрөп иштеп жаткан чагы. Буга мисалдар: Кумтөрдү 100% мамлекетибизге өткөрүп алгандыгы. Мындай ийгилик Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң жетишкендик катары тастыкталып отурат. Андан кийинкиси апрелден баштап мугалимдер, доктурлар жана маданият кызматкерлеринин айлык маянасын бери дегенде 50-100%га көтөрүп берүүсү, ага утурлай калган бюджеттик мекемелердин айлык маянасын да экинчи кварталдан баштап көтөрүлүүсү күтүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында пенсияны дагы 50%га жогорулатканы өйдөлөй баштагандыктын белгиси эмей эмне? 

Президентибиз министрлер кабинетинин башчысы жана анын мүчөлөрү менен биргеликте элдин турмушун мындан ары да жогорулатууну, өзгөчө туризм тармагын өнүктүрүү алкагында кумарканаларды (казинолорду) кайрадан алымча-кошумчалары менен коомчулуктун назарына сунуштап отурат. Бул долбоорду элдин басымдуу көпчүлүгү колдоодо. Себеби, мамлекетибиздин бюджетин кайсы бир деңгээлде толтурууда салымы зор болорун элибиз түшүнүп, Садыр Жапаровго ишеним артышууда. Ал жерге биздин өлкөнүн жарандары оюн-зоогуна катышмак тургай, эшигинен аттап өтө албайт. Кокус жергиликтүү жаран кирип ойной турган болсо, ал кумаркана жабылып тим болбостон, айыпка жыгылып, лицензиясы менен кош айтышары мыйзамга киргизилип жатканын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да ачык-айкын түшүндүрүп берди. Аныгында, саякатчылар, туристтер казинону ойногонго шарт түзүлүүдө. Эми бул долбоорду Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына алып чыгуу гана калды. Түшүнгөн депутаттар колдоорунда шек жок, себеби бюджетке миллиондогон каражаттар түшөт, социалдык муктаждыктарды чечкенге өбөлгө болор. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер