Бишкек ШИИБ начальниги А.Токтоналиев үч ирет коррупцияга шектелгенби?


Мерчеми келди. “Ала кушту” атынан эле аташ керек. Коррупцияга шектүү жана “коммерсант” Азамат Токтоналиев Бишкек ШИИБ жетекчилигине дайындалды. Бул “оёндун” профессионалдык ишмердиги аксаганы менен көроокатка кыйын. Жүк ташыган отуздай ховасы, бизнестери бар экени айтылып келет. Кыргызстанда гана аткаруу кызматындагылар көмүскөдөн ишкерликке да ыкташып, эки жээктен пайда табышканы ушулбу? А коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө “жарк” эткен ишин көрө алган эмеспиз. Мелис Турганбаев менен Мирлан Каниметовдун кадры. “Алма сабагынан ашып түшпөйт” дечү эле...
Эмне үчүн жогорку жоопкерчиликтүү кызматка келген кадрлардын өткөн чагы тыкыр текшерилбейт? Кудайдан жөө качкан күмөндүүлөр көтөрүлө беришеби? Эмесе, суроо салуунун уланталы.
Биринчиден, артка кылчайсак, А.Токтоналиев Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгын жетектеп туруп, 30 миң доллар пара алууга айыпталганбы? Милицияга көө жапканбы? Агездеги Бишкек ШИИБ начальниги Самат Курманкулов кызматынан айдап, жолго салганы ыраспы?
Экинчиден, ГУБОПтун начальниги кезинде Дача-СУда кулаган учакты кызматкерлери менен тоношуп, кымбат баалуу буюмдарды, телефондорду олжолоп алышканбы? Коммиссиянын корутундусу менен айыпталып, кызматтан кеткенин кайда жашырат?
Үчүнчүдөн, “Дөө Чыңгыз” эки адамды өлтүрүүгө айыпталып кармалганда, дал ушул А.Токтоналиев ГУБОПтун начальниги катары көп нерсени будамайлап, 100 миң доллар пара алып койгонбу? Кылмыш ишин жеңилдетүүгө шарт түзгөнбү?
Азырынча ушул соболдорго жооп издеп, кайсалактап турсун. Дагы кыңыр иштери булайса, убакыттын удулуна жараша таразалап, коомчулукка жарыя кылмакчыбыз.
"Азия Ньюс" гезити











