Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Профилдик комитет экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратууну жактырды

Профилдик комитет экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратууну жактырды

06-декабрь, 12:23
686 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

6-декабрда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун карады.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев «Президенттин ишмердүүлүгү жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

Бүгүн, 6-декабрда депутат конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынында билдиргендей, бул мыйзам долбоору бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында иштелип чыккан.

Эл өкүлү ошондой эле бул мыйзам долбоору кабыл алынса, кийинки экс-президенттерден тартып күчүнө кирерин белгиледи.

Депутат төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат:

-- экс-президент өз каражаттарынын эсебинен мамлекеттик күзөт кызматын пайдалана алат;

-- экс-президент мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылат;

-- 16-беренеде каралган артыкчылыктарынан ажыратылат (экс-президент өлкө аймагында өкмөттүк байланыш жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын карамагындагы байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдалануу укугуна жана байланыш кызматын кезексиз алуу укугуна ээ. Экс-президенттин почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү өкмөттүк разрядда жөнөтүлөт (жиберилет), иштетилет жана жеткирилет);

-- жаңы президент кызматына киришкенден кийин экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны бошотушу керек;

-- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө президентти кошпогондо убактылуу жашаган кызмат адамдарынын жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер