Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда реанимацияда жаткандардан өпкө оорусу байкалууда
Кыргызстанда реанимацияда жаткандардан өпкө оорусу байкалууда
26-март, 18:47
716 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коронавирустан улам реанимация бөлүмүнө которулган адамдардан пневмония оорусу байкалууда. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, 5-февралдан бери 2940 адамдын анализи алынып, 44 адамдан COVID-19 инфекциясы табылган. Мурда бир адам реанимацияда жатса, кечээ дагы бешөө ушул бөлүмгө которулду.
“Коронавирустун айынан реанимацияга түшүп калган жарандардан пневмония (өпкө оорусу) байкалууда. Алардын кээ бирлерине кычкылтек жетишпей кыйналгандыктан реанимацияга которуу зарылдыгы келип чыкты”, - деди Акматова.