Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров кыргыздын Путини боло алабы?

Садыр Жапаров кыргыздын Путини боло алабы?

29-январь, 13:23
2 655 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү француз саясый серепчиси, азыркы кезде Жорж Вашингтон университетиндеги Борбор Азия боюнча программанын жетекчиси профессор Марлен Ларюэль “Садыр Жапаровду кээ бирөөлөр Дональд Трампка салыштырышканы, анын популист жана улутчул сапаттарын жана ийгиликтүү социалдык медианы пайдалана алгандыгына таянып айтып атышса керек. Бирок мен Жапаровду “кыргыздын Путини” деп айтат элем. Анткени ал мамлекеттик башкаруу эффективдүүлүгүн жогорулатууга умтулууда” деп Лондондогу эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту өткөргөн талкууда пикирин бөлүштү.

Профессор Ларюэлдин айтымында, кыргыз элинин жабыла Жапаровду колдогонунун себеби, акыркы жылдары мамлекеттик кызматтын деңгээли өтө төмөн түшүп кеткенинде. Ал атайын мисал катары жайында Кыргызстанда covid-19 пандемиясынан улам катастрофалык абалды эскертип, Жээнбековдун режиминин аяктоосу парламенттик шайлоого эмес, ошол коронавирустан сактай албай калганына тийиштүү катары эсептейт.

Дональд Трамп эки жолу импичмент болуп, араң бир эле жолу президенттик мөөнөт кызматка тургандыгын эске алсак, Садыр Жапаровду ал киши менен салыштыруу шылдыңдоо деп билишибиз керек. Владимир Путиндин бийликке келгени болсо, ошол 1990-жылдардан кийин эң чоң кризиске баткан Россияны олигархтардан жана бандиттерден куткарып, мыкты жана өзүнө ишенген, бутуна турган дүйнөлүк держава статусун калыбына келтиргенин эң чоң жана тарыхый ийгилик катары кабыл алышыбыз керек.

Ошол эле профессор Ларюэль сөзүнүн аягында Садыр Жапаров мамлекеттик бийликти бекемдей турганын колдоого алып, бирок “ал киши автократиянын кандай түрүн орнотот, али белгисиз. Балким ал толугу менен персоналдык культ киргизип, толугу менен оппозицияны жокко чыгарганга аракет кылат” деп да чочулады. Экинчи белги катары, профессор Ларюэль Жапаровдун ийгилигин уюшулган кылмыштуулукка болгон саясатынан баалай турганын билдирди. 


Тайлак Назымов

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер