Акыркы кабарлар
» Коом » 2,5 жаштагы бөбөк бөөдө өлүмгө учурады
2,5 жаштагы бөбөк бөөдө өлүмгө учурады
30-сентябрь, 21:23
656 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жалал-Абадда ДВП 2,5 жаштагы баланын үстүнө кулады. Бала кумга бетинен жыгылып, тумчугуп калган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкен.
“Кечээ саат 14:50лөрдө үйүн оңдоп жаткан жаран жабылбасын деп дарбазаны ДВП менен жөлөп койгон. ДВП жакын жерде ойноп жаткан 2,5 жаштагы баланын үстүнө түшкөн. Натыйжада, бала кумга көмкөрөсүнөн жыгылып, эс-учун жоготуп, дем ала албай калган. Бала аймактык ооруканага жеткирилгенде дарыгерлер бала каза болгонун айтышкан. Ю.М.-нын ата-энеси эч кимге дооматы жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тартышты” деп билдиришти ИИМден.