Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов, журналист: “Биз накта парламенттик система түзөбүз”

Адил Турдукулов, журналист: “Биз накта парламенттик система түзөбүз”

24-ноябрь, 18:14
892 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, Грузиядан башпаанек алып кеткениң боюнча соцтармактарда имиш кептер тарады. Чындыгында кандай, тактап койбойлубу?

-- Грузияга окуу боюнча келгем. Журналистика, парламентаризм, жарандык коомдун өнүгүү жаатында билим алып, тажрыйба алмашып жатабыз. Азыркы заманда өмүр бою окушуң керек. Антпесең артта калып каласың. Ошондуктан, мен дайыма атайын курстарга катышууга умтулуп, аракет кылам. Башпаанек алуу оюма да келбептир. Өлкөбүздөгү мындан да катаал заманда башпаанек сураган эмесмин. Кыргызстан мен үчүн бейиштен да артык жер. Аны эч бир өлкөгө алмаштырбайм. Жаңы жылга чейин мекениме кайтам. Бирок ошол эле учурда башка биздин бир нече жарандарыбыз башпаанек сурап жатканына түшүнүү менен карайм. Анткени, азыр Кыргызстанда авторитаризм күч алган. Аны болтурбоо үчүн Кыргызстандын ичинде гана күрөшүү натыйжа берерине ишенем. 

-- Сага карата бийликтегилердин көз караштары салкын мүнөздөбү? Украинаны колдоп, ал тарапка жан тартканың үчүнбү?

-- Ошондой окшойт. Мени менен жолукса, “Кремлдин каарына калып калабыз” деген кыска ой бар болушу мүмкүн. Бул дагы деле Кыргызстан толук кандуу көз карандысыз өлкө эмес экенинин белгиси. Экинчинден, менин оюм калыс, бейтараптуу. Бийлик туура иш кылса мактайм, тескери иш жасаса айыптайм. Унчукпай калбайм. Ал эми азыркы бийликти аларды гана колдогон адамдар өзүнө тартып келет. Бул туура эмес саясат. 

-- Грузияда сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу бизге салыштырмалуу кандай экен?

-- Грузиянын эли Европага умтулган мамлекет. Ошол эле учурда Россиянын экономикалык, маалыматтык, керек болсо аскерий таасири күчтүү. Ошондуктан алар дагы азыр Кыргызстанга окшоп, демократия менен авторитаризм жолунун кесилишинде турган мамлекет. Бирок алыскы келечекте Грузия Евро Биримдигине кошулат.  

-- “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, Ирина Карамушкинанын камалышына Алмазбек Атамбаевдин үн катпаганын кандайча баалайсың?

-- Атамбаевди саясатка кайра алып келүү аракети болуп жатат. Анткени оппозициялык саясый талаа бош. Бирок буга ал барбайт окшойт. Анткени кыргыз тарыхында анын аты ак жана кара тактар менен кала берет. Атамбаев Кой-Таш окуясында өзүн Кошой менен салыштырып, “бул менин акыркы күрөшүм” деп келбедиби. Мен анын сөзүнө ишенем. Билдирүү жасабаганын ошону менен түшүндүрөт элем. 

-- “Кемпирабадчылардын” ичинен Равшан Жээнбеков жана Клара Сооронкулова баштаган аялдар өз позицияларында калышып, калгандары бийликке өтүп кетишкени айтылууда. Деги эле бул саясый күрөштүн соңу кандай бүтчүдөй?

-- Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова да тажрыйбалуу, алысты көрө билген демократ саясатчылар. Алар утурумдук нерсе үчүн принциптерин сатып жиберишпейт. Мен дайыма айтып келем, саясый күрөш ачык жүрүшү керек, парламент күчтүү болуп, соттор мыйзамга таянып иштеп, медиа эркиндикке жеткенде гана өнүгүүгө жол тартабыз. Ошондуктан бийлик инфраструктуралары, долбоорлор менен катар демократиялык институттардын бекемделишине салым кошушу абзел. Жогорку кызматтагылар саясый оппоненттерди таанып-билип, сүйлөшүп турушу керек. Бул стабилдүүлүктүн негизи. Антпесе оппоненттери жашыруун иштерди уюштура беришет. Ошондуктан бийлик саясый аянтчаларды уюштурууга, диалог түзүүгө кызыкдар болушу шарт. 

-- Постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан туруктуу элеби? Биздеги саясый кырдаалдын өзгөчө айырмачылыктары барбы?

-- Кыргызстан 30 жылдан бери Борбор Азия аймагында “демократия аралчасы” болуп келген. Бирок чектеш авторитардык мамлекеттердин таасири менен биз дагы туюк, авторитардык жолго өттүк. Грузияда дагы, кала берсе, көптөгөн Батыш өлкөлөрүндө бийликке популист, оңчул күчтөр келишүүдө. Анткени буга чейин дүйнө ааламдашуу агымы менен бир чоң айыл аянтчасындай элестетилген. Бирок интернеттин кеңейиши, миграциянын күчөшү, тескерисинче, элдерде өзүнүн иденттүүлүгүн сактоо инстинкти басымдуу болууда. Саясый радикал, улутчул күчтөрдүн бийликке келиши да буга себеп. Бизде бул утурумдук нерсе деп ишенем. “Ийри отуруп, түз кеңешүү” биздин каныбызда бар. Аны эч ким тана албайт. Ошондуктан биз накта парламенттик система түзөбүз. Буга бүт күчүмдү жумшайм. 


Суроо салган Асланбек Сартбаев
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер