Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз элин он беш жыл алдаган Аскар Акаевде уят деле жок экен

Кыргыз элин он беш жыл алдаган Аскар Акаевде уят деле жок экен

01-июль, 21:57
744 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аскар Акаев Казакстанга барып, ар кандай калптарды айтып, кызыл тилин сайратып, эрикпей, талыкпай журналисттерге маек куруп берди. Мына жакында президент Садыр Жапаров “Кумтөр башында эле туура эмес иштетилип баштаган” деди. Чынында эле кенди иштетүү Аскар Акаевдин убагында башталган. Кыргызыстандын кызыкчылыктарын саткан келишимдерге да Аскар Акаев кол койгон, ошондой жасаган кылмыштарын мойнуна албай, жооп бербей, жазаланбай качып жүрөт. Турсунбек Чынгышев аттуу өкмөт башчы агезде “аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт” деп айтып, Акаев өлкөнү ууруларга талатып-тонотконун далилдеп койгон. Ал өлкөнү тышкы карыздарга батырып, элди итке мингизип, сызга отургузуп кеткени менен иши жок сыяктуу. Ошондой чоң каталары үчүн 2005-жылы эл Аскар Акаевди кууп чыккан. Эми “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” болуп, ар кандай жомокторду айтып, элди дагы деле алдап келатат. Сексенге жакындаганда чындыкты эле айтса болмок, бирок, “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дегендей эле кеп да. Анын шыпырылтып айткан кызылдай калптарын Майрам Акаевага бүгүлүп кошомат кылып, үй-бүлөгө баш-оту менен берилген экс-мамкатчы Осмонакун Ибраимов эле кубаттабаса, башкалар “баягы калпычы Аскар Акаев да” деп мыйгынан күлүшүүдө. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер